Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

СПИД менен ооругандарды басмырлоого каршы китепче чыгат


Жуктурулган имункем синдромун (ЖИКС – СПИД) алып жүргөндөрдү кодулоону жоюу боюнча китепчелер чыгырылганы жатканын Ош шаарындагы “Рейнбоу” маалымат борборунан кабарлашты. Борбордун кызматкери Султан Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, акыркы эки жылдын ичинде Адамдын Имункем Вирусун (АИВ-ВИЧ) жуктуруп алгандарды басмырлоо күчөгөндүктөн, АИВке чалдыккан балдары бар эки үй-бүлө аргасыз жер которгон. Мындай үй-бүлөлөрдү айрыкча айылдаштары көбүрөөк кодулоодо.Эл аралык уюмдардын колдоосу менен чыккан китепчелер көбүнчө Ош облусунун район, шаар тургундарына таркатылмакчы. Ошто жаш балдардын ооруканаларда АИВди жуктуруп алуу учурлары 2007-жылдан 2008- жыл аралыгында көбөйүп, жетимиш эки учур катталган. Сакайбай турган оорудан өзгөчө Ноокат райондук эмканасында даарыланууда жаткан ымыркайлар жапа чеккен. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG