Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:44

Ак таңдай төкмө акын, дастанчы, насаатчы, Кыргыз Эл артисти Тууганбай Абдиевдин дүйнө салгандан бери кырк күн өттү. “Чоң акырдан жем жеген» дегендей Тууганбай Осмонкул, Алымкул, Коргоол, Ысмайыл, Шабданбайдын түбүн ичип, ак баталарын алгандыктан, ыр берметтерин төккөндө мүдүрүлбөй, табына келген тайбуурулдай арышын кенен таштап, айлана-чөйрөнү, кырдаалды, көзүнө көрүнгөндү көргөндөй, болгонду болгондой нөшөрлөтө төкчү эле.

Ошону менен бирге Тууганбай таалим-тарбия алган устаттарынын, өткөн доордо жашап өтүшкөн ак таңдай төкмө акындардын терме, санат, насыят, үлгү ж.б. ырларын, алым сабактарын да бүтүндөй жан дүйнөсү менен өз обонунда ырдоочу. Кезектеги бир жолугушууда кайсыл залкар төкмө акындардын санат, терме, насыят, алым сабактарын, ырларын кумарлануу менен ырдары жөнүндө ал мындайча эскерген эле:

- Мен Осмонкулдун кезинде ырдаганын бир эле жолу көрүп калдым. 1954-жылы сахнага чыгып ырдаган да карып-арып акча болбой калыптыр. Артистизм Осмонкул менен Эстебесте өтө күчтүү эле. Экөө ырдаганда орусту да, татарды да, казакты да дароо тартып алуучу. Осмонкулдун оозунан ырлар «айдаган койдой чууруп, ашыгып турат артынан» дегендей Осокемдин термелери, санаттары көркөмдүү өтө кооз. Ошол Осмонкулдун термелерин ырдайм. Сөз кууп ырдаган акын Ысмайыл Борончиевдин ырларын, айтыштарын жакшы көрөм. Алардан ырдайм. Калыктын дастандарын, курч ырларын, айтыштарын аткарам. Эми мен өзүм көрбөй калган акындардан казалчы Молдонияз, акындардан Арстанбек, Жеңижоктун ырларын, айтыштарын жакшы көрөм. Жеңижоктун ырлары, Эсенаман менен айтышы бизге толук жеткен жок. Жеңижок менен Эсенамандын айтышын Калык Жеңижоктун өз оозунан үйрөнгөн. Калыктын шакирттери Сарыкунан, Каракунан үйрөнөт. Алардан акындар Абды Байсалбаев, Абдырашит Бердибаев, Асылбек Эшмамбетов үйрөнөт. Ар бир автор кол жазмасын өзү жазып калтырса алымча-кошумча болбойт эле. Маселен, Арстанбектин «Замана» ырларында кээ бир кыян алгандай, сел жүргөндөй саптар бар. Ал автордун өзүнүкү. Ал эми орто жолдон чыга калып ырларын жыйнаган жыйноочулар туура эмес жазышып, кайран шайырлардын ырлары таза жетпей калган.

Эсенаман менен Жеңижоктун айтышынан үзүндү

(Тууганбай Абдиевдин аткаруусунда)

Олуялар байыстап,
Турган жери кайда экен?
Азезилди таш менен
Урган жайы кайда экен?
Кесирленип унуттуң
Келер сөздүн кезегин,
Жети атамды бүт билем
Жерим Талас экенин.
Аксыга жүр мен менен
Айыкканга кеселиң.
Талашы жок эч кимдин
Талас туулган – мекеним!
Бөлбөсүн десең маскара
Бер уруксат, Ташкара.
Соолугуп келгин дартыңдан
Сооп үчүн ала кетемин, - деп Жеңижок ырдап бүтөт. Жеңижоктун ырдаганына калың эл таң калат. Казак акыны Майкөт адегенде элге карап: «Бали, балам, Жеңижок! Жумыры басты, Кызыл тилди адамга сенден аскан акын болмас, ракмет» - дейт да Эсенаманга кайрылып: «Мен сага кашан «аулемин», «мазарыңмын», «пириңмин» деп айткан эдим? Өзүң көтерип уруп жыгып, төрт аягымды буып бердиң». Балаң бауздаластан тирилей теримди тескери сыйрып салды! Энди айтар не сөз калды? Ырахмет, балам Жеңижок, мен айтыспай ак жеңилдим» деген экен.

Маркум Тууганбай чыгармачылыгында төкмө акындык, ырчы аткаруучулук менен бирге дастанчылыкты да кошо өнүктүргөн. Алсак, ал «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Гүлгаакы» ж.б. дастандарды комуздун коштоосунда ар бир каарманга, ар бир окуяга карата обондорун да кубулта айткан.

- Мен «Курманбектен» үзүндүнү 1978-жылы радиого жаздырган элем,- деп эскерген эле Тууганбай Абдиев. - Аны 80-жылдардын башында фондуга кабыл алыптыр. Радиого жакшы жаздырган элем. «Курманбектин» Сарыкунандын айтуусундагы вариантын айтып тасмага жаздыргам. Үч жолу унутуп, үч жолу тасмага жаздырдым. Курманбектин 500 жылдыгына карата телевизордон айтып бериңиз дешип суранганынан айтып бердим. Чынын айтсам көп окуялар эсимден чыгып кетиптир. Сарыкунан айтчу эле, Калык «Курманбекти» канча жыл бою айтып жүрсө да кийин унутуп калыптыр. 1929-жылы Мастабар деген жерге келсем Калык артисттерге: - Эй, туугандар «Курманбекти» айтканды унутуп калыпмын. Сарыкунанга айттыргыла, – деди. Мен таңаткыча «Курманбекти» айттым. Какем: - "айда атаң көрү" – деп эстеп, кийин «Курманбекти» жазмага түшүрүп өзүнчө жыйнак кылып чыгарды. Ыр ырдалбаса, унутулуп калат. Азыркы күндө илгеркидей күнү-түнү менен «Манасыңды», «Курманбегиңди» уга турган кыргыздар жок. Азыр кыргыздын баары ырчы. Бир бөтөлкө шарапты ачып алат да, анны ичип алып сенден мурда ырдап отурат. Ал эмнени ырдап жатканын өзү да билбейт. Бүгүнкү күндө ырдын кадыр-баркы кетип калды. Ошондой болсо да «Курманбекти» кайрадан радиого жаздырдым. Мен «Жаныш-Байышты» толук айтпайм. Аны Сарыкунан акенин таасири аркасында айтып калдым. Союз учурунда дастандарга көбүрөөк көңүл бөлсө бир тобун айтып жаздырып коет элем. Элдик дастандарга көңүл бөлчү эмес эле. Бир ыр ырдасаң да кагазга жаздырып «жашасын» деген сөздү айтпасаң бул ырчынын ыры жаман экен деп ырдатуучу эмес.

Тууганбай чыгармачылыгында төкмө акындык, дастанчылык менен бирге комузчулук өнөргө да кызыккан. Ал турсун бирин-экин күү да чыгарган.

- Ал эми менин бир күүм бар. Ошону чертип жүрөм. Күү чыгарса болчудай экен,-деп айткан эле Тукем өзүнүн чыгарган күүлөрү жөнүндө: - Комузчулар кызык, мен Самара Токтакунованы айттым, сен желмогуздай күүнүн баарын чертесиң, күү чыгарбайсыңбы деп. Ал мыкты комузчу. Ушундай чоң комузчулар күү чыгарбай мага окшогон чала комузчулар шалдыратып күү чыгарып атат. Мен аракет кылып күүгө окшоштурдум. Төрөлгөндөң комузду, күүнү жакшы көрөм. Шекербек Шеркулов жанына отургузуп алып: - Комуз черт, күү үйрөн дечү. Анде мен:"Ичим ооруп атат. Азыр келем", - деп качып кетчүмүн. Бул итчилик. Болбосо Шекербек мени жакшы көрчү. Ал "Тууганбайдан өткөн чоң комузчу жок. Бир күүнү да толук билбейт. Ар бир күүдөн 2-3 кайрыктан билет дечү."

Дүйшөнбек Үкүев -белгилүү ырчы, обончу :

- Эми Тукем жөнүндө айта турган болсок, сөз өтө эле көп. 1967-жылы филармонияга келгенде Тукем болуп толуп турган кези экен. Айрыкча төкмө акындык шыгы ашып-ташын турган убагы экен. Анан Тукем менен бирге иштешип калдым. Тууганбай байке менен командировкага көп жүрдүм. Тукемдин дагы бир артыкчылыгы жеке эле акын эмес, комузду да жакшы чертчү. Анан дастандарды аябай ийине жеткире айтчу. Тукемдин адамкерчилик сапаты да өтө жогору эле. Мени өзүнүн баласындай Дүйшөке деп аябай сыйлап, ырчылыгыма да аябай баасын берүүчү. Ал айрыкча таланттуу адамдарды өтө жогору баалаган инсан эле. Ажалга айла жок экен. Тукемдин эдибизге бере албай кеткен ырларын артында калган шакирттери жаш акындар улантсын, аларды ар дайым арбагы колдоп жүрсүн.

Мурадил Сагыналиев - шакирти, дастанчы:

- Тууганбай ата менин устаттарымдын бири эле. Бир топ жыл бирге иштештим. Көп сабактарды алдым. Мага Тукем комуз чертүүнүн ыкмаларын, сахнага чыгуунун жол-жоболорун, ырдоонун, дастан айтуунун ыкмаларын үйрөттү. Бир сөз менен айтканда агайдан көп сабак алдым. Тукем абдан жөнөкөй эле. Бала менен балладай болуп, ойноп кетчү. Кээде тамашалаган жактары аябай жакчу. Биз аябай урматтап. Аябай сыйлаар элек. Тукем жөнүндө айта берсе сөз көп. Агайдын актерлук жагы да мыкты эле. Көп чыгармалары менен кинофильмдерге ойногон. Айыл аралап командировкада жүргөндө абдан бала кыял болчу. Мендей жаш жигиттер менен мындай черткиле, ырдасак бул жерин мындай ырдагыла, комузду таза чертип так ырдагыла дээр эле. Илгери Шекербек, Осмонкул, Алымкул аталар менен жүргөндө комуз үйрөн десе, ичим ооруп атат деп качып кетип, чала үйрөнүп калгам. Ошондуктан мендей болбой таза, так үйрөнгүлө - деп, көп акыл насааттарын айтаар эле. Эми атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун демекчимин.

Тукең акыркы жылда ардактуу эс алууда жүрсө да, акылынан жанбай, төкмөлүгүн танбай «Айтыш» коомунун насаатчы саяпкери болуп жүрдү. Ондогон жаш төкмө акындарга, ырчы, дастанчыларга улуу төкмөлөрдүн, ырчылардын ырларын, айтыштарын, дастандарын үйрөттү.
XS
SM
MD
LG