Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Бүгүн Жогорку Сот Эркин Мамбеталиевдин ишин кароону улантат


Эркин Мамбеталиев учурунда атайын даярдыктагы аскер кызматын өтөп, экс-президент А.Акаевди кайтаруучу мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. Мамбеталиевге 2004-жылы 5-майда милициянын полковниги Чыныбек Алиевди өлтүргөнгө катыштыгы бар делип шектелип кылмыш иши когзголгон. Ошондой эле 2003-жылы 6-ноябрда кылмыш чөйрөсүндө аты чыккан Азиз Батукаевдин күйөө баласы Хаваджи Заурбековдун, 2004-жылы 14-февралда Талас аймагындагы кылмыш тобунун мүчөсү Нурлан Бердикеевдин, 2005-жылы июнда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө тиешеси бар делип шектелип айыпталган. Буга чейин Биринчи май райондук соту Эркин Мамбеталиевге коюлуп жаткан жогорудагы айыптарды жокко чыгарып, аны актаган чечим чыгарган. Жогорку Сот Мамбеталиевге байланыштуу ишти кароону өткөн жылдын 2-декабрынан бери төрт жолу жылдырган. (AJ)

XS
SM
MD
LG