Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы жаңы дайындоолор тууралу ойлорун ортого салууда.

Өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезити муну “Бийлике жаш кадрлар келүүдө” деп сыпаттап, кызматка келгендердин жашын санап чыкты. Маселен гезиттин жазганы боюнча Бишкек шаарынын Ленин районуна аким болуп дайындалган Айбек Осмонов болгону – 32 гана жашта. Социалдык өнүгүү министри Назгүл Ташбаева – 35 жашта, Данияр Үсөнов – 48 жашта, кызматка коюлгандардын эң эле улуусу – Искендер Айдаралиев – 53 жашта. Гезит андан ары бул дайындоолор тууралуу айрым адамдардын ойлорун ортого салды.

И. Жунусов, ЖК депутаты: - Президент оппозиция лидерлеринен кызмат аяган жок. Айтсак Ф. Кулов, М. Эшимканов, Ө. Субаналиев... Эми Ө. Бабанов келди. Мындан артык дагы кандай демократия керек?

С. Мамбеткалиев, Чүй университетинин ректору: - Кызматка элдин ар кандай сөзүнө илине элек жаш, таза кадрлар келгени жакшы болду, менин оюмча президенттин бул иш-аракети – элге берген убадасын аткарууга, турмушту жакшыртууга болгон жолу.

Ушул эле дайындоолорго “Аалам” гезити аркылуу айрым саясатчылар ой-пикирлерин мындайча билдиришти.

И. Өмүркулов, ЖК депутаты: - Билим берүү министринин эки орунбасары тең эки базардан өткөн кадрлар. Өзгөчө Кубаев, пенсияга чыгып эс ала турган киши эле. Жаш кадрлар деген менен аларда тажрыйба жок. Ал эми Өмүрбек Бабанов боюнча айта турган болсок ал буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес.

Тайырбек Сарпашев, экс-депутат: - бул кадр алмаштыруунун түп максатын президент менен Данияр Үсөнов эле билбесе башка эч ким билбейт. Өмүрбек Бабановду, Данияр Үсөновду, Марат Султановду дайындоолоруна караганда дүйнөлүк кризистин капсалаңына болгон даярдык.

Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы: - Мамлекеттин башчысынын алдында чоң максаттар болуш керек. Мамлекеттин максаты болбогон соң кадр алмаштыргандан натыйжа чыкпайт. Бул алмаштыруу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, үй-бүлөнүн, бир топтун кызыкчылыгы десем туура болот. Бул деген бийликтин оюну. Өздөрү жагынан жаңыланымыш болуп, тигил жагынан оппозицияны катуу кысымга алып, жаңы шайлоого даярдык көрүп жатса керек. 2010-жылга чейин элдин чыдамы да күмөн болуп турат. Ошону билип бийлик алмаштырууларды максатсыз жасап жатат.

Гезит мындан тышкары Кыргызстандагы еврейлердин “Менора” маданий коомчлугунун төрагасы Борис Шапиро менен маектешкен. Аңгемелешүүсүнүн атын: “Еврейлер менен араптар бир атанын балдарыбыз” деп атаган Борис Моисеевич бул эки эл энелери башка болгон менен аталары бир, бир тууган эл болорун, Библиялык уламыштарда ушундай деп айтыларын, бирок кандай гана согуш болбосун анда эч качан бир тарап гана күнөөлүү болбостугун, ошондуктан ал сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керектигин кеп кылган. Окурмандар ошондой эле бүгүнкү сандан “Барак Обоманын келиши жана Кыргыз-Америка мамилеси” жөнүндө элчи Кубанчыбек Өмүралиевдин ойлорун, “Кыргызстанда №1 оппозиционер Кубанычбек Апас” деген тема алдында Кубанчыбек Апастын өзү менен интервьюну окуса болот.

“Ачык саясат” гезити Бакиевдин кадрдык жүрүшүн таптакыр башка өңүттөн караган кабарчы Рыскелди Момбековдун “Жума күнү жумушсуз калгандар, дүйшөмбүдө “дүңк” этти” деген макалсында баяндады. Анын айтымында акыркы кездери Талас жергеси оппозициянын уюугуна айланып бараткан. Ак үй ушундан чочуган. Анын үстүнө К. Бакиевдин саясатына каршы болгондордун калың катмары Кара-Буура жана Манас райондорунда. Ошон үчүн бийлик ошол чөлкөмдүн кулуну болгон Өмүрбек Бабановду Ак үйгө алып барууга аргасыз болду. Ошентип карабууралыктардын каарынан корккон бийлик орунбасарлык үч орунду – карабууралык Бабанов, Казакбаев жана Акматбековго бошотуп берди. Автор андан ары Бабановду 1-вице-премьерликке алып баргандан эле таластыктардын талабы таркап кетпейт дейт. Анткени К. Бакиев буга дейре бул орунду эки жолу таластыктарга – Д. Үсөнов менен И. Айдаралиевге берип көргөн. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. Баягы ачылбаган “Андаш” ачылбаган, казылбаган “Жерүй” казылбаган бойдон турат. Гезит дагы бир маселеге – орус президенти менен өзбек президентинин Ташкендеги жолугушуусу тууралуу жазып чыкты. Анда орустардын кытмыр саясаты, Өзбекстандын энерготармагына Орусия бермекчи болгон 5 млрд. доллар, эки өлкөнүн бул сүйлөшүүсүнөн кийин К. Бакиевдин Маскөөгө сапары деле анча натыйжасыз аякташы мүмкүн экендиги тууралуу божомолдор айтылган.

“Эл сөзү” гезити “Сандар илими эмне дейт?” деген рубрика алдында “А.Акаев, К. Бакиев: окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Маселен аталган макала Акаевди кичипейил, элпек, алтургай майда-барат нерселерден бери эстеп калууга жөндөмдүү деп сүрөттөп, бирок текебердигин, ашкан куулугун, алтургай мындай адаты акыры уурулукка чейин алып барарын жазса, Бакиевди чыдамдуу, токтоо, жай, бирок өкүм деп сүрөттөйт. Ошондой эле азыркы президент белгилүү бир топтун кызыкчылыгына чектен аша бериле алат. Ачуусу кээде гана келгени менен көбүрөөк коркунчтуу. Анын жолуна тургандар абайлаш керек. Ошондой эле ал иштерман, өз үйүнө байлык алып келет. Кусалык менен кыраакылыкты жек көрөт. Акаевге – ачкөздүк, алдамчылык мүнөздүү болсо, Бакиевде – одонолук менен байкабастык арбын, эң өкүнүчтүүсү өкүмзор мамилесинен улам коомго коркунучтуу согуш, кандуу чыр, азап-тозок, курмандыктар коштоло түшөт деп жазды.
XS
SM
MD
LG