Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Айрым тейлөө жайлары үчүн салык өлчөмү өзгөртүлдү


Кыргыз өкмөтү салыктын өлчөмүн ыктыярдуу патенттин негизинде өзгөрттү. Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Ахматбек Келдибековдун айтуусунда, Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары үчүн патенттин өлчөмү баштапкы долбоорго караганда төмөндөтүлгөн. Маселен, Лев Толстой, Ибраимов, Фрунзе жана Эркиндик көчөлөрү менен чектелген аймактагы жайлар айына 15 миң сом, Скрябин, Минин, Суюнбаев, Жукеев-Пудовкин, Жибек-Жолу, Ала-Арча суусу жана темир жол менен чектелеген аймактагылар 12 миң сом, Ахунбаев, Шота Руставели, Турусбеков, Күрөнкеев, Аламедин суусу жана “Дордой” базары менен чектелген аймактарда 10 миң сом төлөнөт. Бишкектин калган жерлериндеги акча алмаштыруу жайлары 6 миң сомдон төлөшөт.

Сауналар боюнча, аянты 150 чарчы метр объекттер эгер алардын тейлөөсү саатына 300 сом, же андан азыраак болсо патенттин баасы айына 7,5 миң сом болушу мүмкүн. Эгер тейлөөсү саатына 301 сомдон 800 сомго чейин болсо патенттин өлчөмү 10 миң сомго, тейлөөнүн баасы саатына 1,5 миң сомдон ашса, мындай сауналар ай сайын патентти 30 миң сомго алышат. Аянты 150 чарчы метрден ашкан сауналарда да салык өлчөмү тейлөө саатынын баасына жараша өсүп турат.

Мончолор үчүн да дифференцияланган салык өлчөмү бекитилген. Аянты 150 чарчы метрге чейинки объекттерде эгер тейлөө саатына 100 сомго чейин болсо, патенттин баасы 2 миң сом. Эгер тейлөө саатынын баасы 101 сомдон 300 сомго чейин болсо 5 миң сом, тейлөө сааты 301 сомдон көп болсо 10 миң сом төлөшөт.

Бильярд ойноочу жайларда тейлөөнүн сааты 50 сомго чейин бааланса, Бишкек шаары үчүн патенттин баасы айына 1,5 миң сом, региондор үчүн 600 сом. Мында да тейлөө саатынын баасы жогорулаган сайын патенттин баасы жогорулайт.

Ал эми бийлөөчү жана машина токтотуучу жайлар, оюн автоматтары үчүн патенттин баасы мурунку бойдон кала берет – 100 миң сом, орун үчун 100 сом жана автомат үчүн 2,5 миң сом. Ахматбек Келдибеков бүгүн мындай өзгөрүүлөрдү камтыган долбоорду Жогорку Кеңештин экономика, бюджет, финансы комитетине көрсөттү. Анын айтуусунда, казинолор боюнча ведомство аралык комиссия жакынкы эки күндө парламентке оюн столдоруна карата жаңы өлчөмдөр боюнча долбоорду берет. (AzK)

XS
SM
MD
LG