Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Толуктоо киргизилген “Теле-радио жөнүндө” мыйзам долбоору кайтарылды


Бүгүн Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитети “Теле берүү жана радио уктуруу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду талкууга коюп, аталган мыйзам долбоорун кайра карап, толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Бул маселе боюнча “Ак жол” фракциясынан депутат Динара Молдошева доклад жасап, парламент тарабынан 2008-жылдын май айында кабыл алынган аталган мыйзамды медиа тармагын жана сөз эркиндигин өстүрүүгө жасалган кадам катары баалады. Комитет мүчөлөрү сунушталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу зарыл деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG