Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Бильярд, сауна менен мончолорго патент төлөмдөрү өзгөртүлөт


Өкмөттүн «Экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча милдеттүү түрдөгү патенттердин негизинде салык ставкаларын бекитүү тууралуу» токтомунун долбооруна ылайык акча алмаштыруу жайларынын жайгашкан жерлерине карата, бильярд жайларына ар бир оюн үстөлүнө, сауна менен мончолордун ээлеген аянтына жана 1 саатка тейлөө акыларына жараша патент төлөмдөрү өзгөртүлөт. Бүгүн парламенттин өнөржайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитети ушундай чечимге келди. Буга чейин бул маселе Экономика, бюджет жана финансы комитетинин мурдагы жыйынында каралып колдоо тапкан. Салык жана жыйымдар боюнча мамкомитеттин башчысы А.Келдибеков өкмөттүн бул токтомунун долбоорун Жогорку Кеңеш жыйынынын кароосуна алып чыкпай эле, эки комитеттин макулдугу аркылуу гана бекитип берүү өтүнүчү менен кайрылган болчу. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Өткөн аптада акча алмаштыруу жайларынын ээлери айына патент төлөмдөрү 20 миң сомго, билярддын ар бир үстөлү үчүн 10 миң сомго, сауна, мончолорго 30-50 миң сомго көтөрүлгөнүнө нааразы болушуп, Жогорку Кеңешке кайрылышкан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG