Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

З. Курманов: Президенттик шайлоо маселесинде мурдагы Конституцияга таянуу жарабайт


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынан депутат Зайнидин Курманов президенттик шайлоо жөнүндө соттун чечими менен жарактан чыгарылган мурдагы Конституцияга таянууга болбостугун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, референдум менен кабыл алынган жаңы Конституциянын 43-беренесинде президент 5 жылга шайланары, Жогорку Кеңештин токтому менен президенттик шайлоону бекитери так көрсөтүлгөн. Курманов ошондой эле президентик шайлоо боюнча юридикалык карама-каршы пикирлер жаралып жатса Конституциялык Сотко кайрылуу керектигин белгилеп, Конституциялык Соттун чечиминин негизинде парламент шайлоону бекитүү жөнүндө токтом кабыл аларын кошумчалады. Буга чейин Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов мурдагы Конституция менен Курманбек Бакиев президент болуп шайланганын, ага ылайык президенттик шайлоону үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын акыркы аптасында өткөрүү керектигин айткан. Ал бул маселе боюнча СДП фракциясы Конституциялык Сотко кайрыларын билдирген эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG