Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

АКШнын климат боюнча атайын өкүлү болот


Обама анын администрациясы өлкөнүн энергия кубатына көз карандылыгын азайтууга көңүл бураарын билдирди.

Обама анын администрациясы өлкөнүн энергия кубатына көз карандылыгын азайтууга көңүл бураарын билдирди.

Буш администрациясынын саясатынан дагы бир ажырымга жол салып, АКШнын Мамкатчысы климаттын өзгөрүшү боюнча атайын өкүл дайындады. Хиллари Клинтон ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо саясатын багыттоодо Обаманын администрациясы АКШга болгон ишенимди жана анын лидерлик ролун калыбына келтирет деп ишендирди.

Тодд Стерн президент Билл Клинтондун администрациясы тушунда Киото протоколу боюнча сүйлөшүүдө АКШнын баш өкүлү болгон. Ал эми Обаманын администрациясында климаттын өзгөрүшү боюнча атайын өкүл болуп калды. Буштун администрациясы атайын өкүл дайындаган эмес, ал турган Жер абасынын ысышын токтотуу боюнча чараларды караган Киото протоколуна кошулуудан баш тарткан.

Мамлекеттик департаменттеги салтанатта Стерндин дайындалышын жарыялап жатып, Хиллари Клинтон Кошмо Штаттары мындан ары жер абасынын ысышын токтотууда чоң роль ойнойт деп ишендирди.

"21-кылымдын көйгөйлөрү, анын ичинде климаттын өзгөрүшү пайда кылган ары татаал, ары кечиктирилгис глобалдык коркунуч менен күрөштө АКШнын жол баштоочу ролу чечүүчү мааниге ээ. Глобалдык климат кризисинин коркунучуна жетиштүү көңүл бурушубуз зарыл. Илим-изилдөөлөр артта калбасын, колдогу фактыларды билмексен болбойлу. Реалдуу аракеттердин мезгили келди" деди мамкатчы.

Буш администрациясын климаттын өзгөрүшү боюнча чара көрбөгөнү үчүн сындап келишкен. Ал мисалы айлана-чөйрөнүн булганышын чектөө боюнча штаттардын өз алдынча чара көрүшүнө тыюу салган. Дүйшөмбүдө президент Обама дал ушул тыюну күчүнөн кетирген жаңы саясаттын мазмунун ачыктады. Ал Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине Калифорния жана башка штаттар жердин абасын ысыткан булганч газдардын абага ташталышын азайтуу максатында, автомашиналарга карата эмиссия талабын күчөтүүгө уруксат берүү жагын карап көрүүнү тапшырды.

Калифорния жана дагы 10 чакты штат буга чейин федералдык өкмөт талап кылгандан да жогорку стандарттарды киргизүүгө аракеттенишкен, бирок Буштун администрациягы буга тыюу салган. Мындай тыюну көпчүлүк Буштун машина жасоочу ишканалардын кызыкчылыгын коргогону деп түшүнүшкөн.

Дүйшөмбүдөгү сөзүндө Обама анын администрациясы өлкөнүн энергия кубатына көз карандылыгын азайтууга көңүл бураарын билдирди:

– Америка ресурстардын азайышынын, душманчыл режимдердин жана жер абасынын ысышынын кесепеттеринин капканында калбашы керек. Оор иштерден качпайлы. Оор чечимдерди кабыл алууга мезгил келди. Биздин өлкөнүн коопсуздугун, жер шарынын бакыбат жана келечектүү турмушун кепилдешибиз керек. Азыр ушул багытта олуттуу милдеттерди аркалоого мезгил келди.

Обаманын ишениминде, АКШ экономикасынын оңолушу жаңы энергетика экономикасын түптөө менен шайкеш жүрүшү керек. Бул үчүн биринчи кезекте күйүүчү майды аз жеген, булгач газды аз чыгарган автомашиналардын жаңы муунун ойлоп табуу зарыл:

– Баарын бир заматта оңоп салабыз деп сөз бере албайм. Бул үчүн бир технология же эрежелердин бир топтому жетишсиз. Бирок биз АКШнын энергетикалык көз карандысыздыгын кепилдеп, миллиондогон америкалыктарды иш менен камсыздоочу жаңы энергетикалык экономиканын негизинде иш алып барууга бел байлай алабыз.

Кошмо Штаттары Жер абасын айрыкча булгаган өлкөлөрдүн тизмесине кирет. Бул өлкө күн сайын абага атмосфераны ысытуучу 4 200 000 000 000 (4 триллион 200 миллиард)) тонна көмүр кычкыл газы чыгарат.
XS
SM
MD
LG