Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Германиянын өкмөтү экономиканы стимулдаштыруу планын жактырды


Наркы 50 миллиард евро же 67 миллиард долларга бааланган план глобалдык каржы кризистин, рецессиянын шартында экономикага дем берүү максатын көздөйт. Анда инфраструктурага инвестиция салуу, салык жагынан жеңилдиктер, жарандардын медициналык камсыздандыруу үчүн төлөмдөрүн кыскартуу, балалуу үй-бүлөргө акчалай жардам көргөзүү өңдүү чаралар каралган. Өкмөт планын эми немец парламентиинин кош палатасы жактыруусу керек. Германия экономиканы стимулдаштыруу боюнча буга чейин да 23 миллиард еврого эсептелген планды кабыл алып, бирок ал батыл эместиги үчүн өлкөнүн өзүндө да четте да сынга алынган. Жаңы план мурдагысына кошумча болот.

XS
SM
MD
LG