Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Ооганстанда талиптерге каршы согуштун мезгилинде карапайым тургундардын арасында өлүмдүн көбөйүшү оогандарды нааразы кылып келатат. Ушундан улам өлкөнүн президенти АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы согуштук операцияларына ооган өкмөтүнүн көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылууда. Хамид Карзай көздөгөнүнө жете алабы, же болгону шайлоо жылында саясий упай топтоонун айласында болуп жатабы?

Кабул бийликтери эл аралык шериктерине карапайым оогандардын өлүмүнө алып келген согуштук ыкмаларын өзгөртүүнү талап кылып келди. Бирок ич арада айтылган мындай талаптан майнап чыкпаган соң, ооган бийликтери ачыкка чыгууга мажбур болду.

Ооганстандын Маданият жана маалымат министри Абдул Карим Хорам Азаттык менен маегинде ушундай деп ырастады.

Кеп Кабул өкмөтү 10-январда Ваштингтонго жана НАТОго жолдогон сунуштун долбоору тууралуу жүрүп жатат.

Козголоңчулар менен согуштун мезгилинде карапайым адамдардын арасындагы өлүмгө жол бербөө ооган бийликтеринин күн тартибиндеги эң маанилүү маселелердин бири. Биз ошондой эле чет элдиктер оогандардын үйлөрүн тинтишин каалабайбыз. Эгер биз жөнөткөн келишимге кол коюлуп, ишке ашса, бул Ооганстандын жана бүт дүйнөнүн терроризмге каршы согуштагы жеңиши болуп калат. Бирок эгер ал четке кагылса, бул жаңжал туңгуюкка такалып, баарыбыз уттурабыз, - дейт Хорам.

Ооган президенти Хамид Карзай ички кысымдан улам согушта бейкүнөө оогандардын курман болушунун маселесин кабыргасынан койууга мажбур болуп жаткандыгы шексиз. Ал ошондой эле президенттик шайлоонун алдында элдин камында жүргөндүгүн далилдегиси келип жаткандыгын болжолдоого болот.

Ооганстандын Коргоо министрлиги жөнөткөн техникалык келишимдин долбоорунда НАТО жана АКШ аскерлеринин Ооганстандагы стратегиясы менен тактикасын кайра карап чыгуу каралат. Документте ошондой эле батыш аскерлерин жайгаштырууда жана алардын согуштук операцияларында Кабул өкмөтүнүн таасирин күч алдыруу сунуш этилет.

Анын аралыгында АКШ жетектеген коалициянын абадан сокку уруусунда Ооганстандын чыгышындагы Лагман дубанында бир нече айыл тургуну каза тапты. Коалиция 15 согушкер жок кылынды деген кабар таркаткан, бирок ооган бийликтеринин эсебинде, 24-январдагы операцияда 16 карапайым жаран, анын ичинде аялдар жана балдар өлтүрүлдү. Эртеси бул дубанда миңдеген киши нааразылык акциясына чыкты.

Былтыр август айында да ушундай окуя болгондон кийин америкалык кол башчылар өз аскерлерин этийеттикке чакырган.

Бирок жергиликтүү байкоочулар андан бери чоң өзгөрүү болбогондугун белгилешет. Алардын бири кабулдук баяндамачы Вахид Музданын айтымында, президент Карзай мындан төрт жыл мурда АКШ менен стратегиялык келишим түзгөндө, америкалык жана коалициялык аскерлердин үстүнөн көзөмөлдүү күчөтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберген. Ал келишимде "америкалык жана коалициялык күчтөр ооган өкмөтү менен кеңешип, алдын ала макулдашылган процедуралардын негизинде тийиштүү согуштук операцияларды жүргүзүүгө аракет эркиндигин сактап кала беришет" деп жазылып калган.

НАТО ооган армиясы кырдаалды өз көзөмөлүнө алгыдай болсо эле, коопсуздук операцияларын башкарууну ооган өкмөтүнө өткөрүп берүүгө даяр экендигин айтып келет. Ооганстандын улуттук армиясында азыр 80 миң аскер бар, алардын санын 2012-жылга чейин 130 миңге жеткирүү каралган.

Ошол эле мезгилде, Кошмо Штаттары Ооганстандагы аскерлеринин санын көбөйтүүнү пландаштырууда. Бирок айрым байкоочулар мындан майнап чыкпайт деп эсептешет. "Батыш күчтөрү Ооганстанда козголоңчу күчтөрдүн айыгышкан каршылык көрсөтүүсүнөн алапайын таппай калды. Алар Пакистан аркылуу өтүүчү курал-жарагын ташуучу жол менен да ээн-эркин жүрө албай калышты" дешет алар.

Бандамачылардын баамында, эгер эми ооган өкмөтү талапты күчөтүп, батыш коалициялык аскерлер менен алакасы начарласа, Батыш менен ансыз деле бычактын мизинде турган шериктештикке болуп көрбөгөндөй доо кетиши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG