Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:31

Түркияда интеллигенция өкүлдөрүнүн өнөктүгү кызуу талкууланууда


Түркияда 200гө жакын интеллигенция өкүлдөрү Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндардын кыргынга учурашына себеп болгон окуяларга байланыштуу армян калкынан кечирим суроо өнөктүгүнө каршы берилген доо арыз прокуратура тарабынан четке кагылды.

Түркиянын белгилүү 200 интеллигенция өкүлдөрүнүн армян калкынан кечирим суроо өнөктүгү түркүн кыйынчылыктар жана бөгөт коюуларга карабастан акырын уланууда. Ушул тапта бул петицияга кол койгон адамдардын саны 30 миңге жеткени кабарланды.

Өлкөдө курч талаш тартыштарга себеп болгон, өлкөнүн алдыңкы жетекчилери жана оппозициядагы партиялар тарабынан туура эмес жорук катары сындалган өнөктүккө каршы “бул түрк улутунун аброюна шек келтирди” деп 6 киши сотко кайрылган. Доо арызды текшерип чыккан Анкара шаарынын прокуратурасы, “демократиялуу коомчулуктарда каяша айтылган пикирлер дагы эркин сөз сүйлөө укугунун чеги ичинде коргоого алынат” деген жыйынтык менен аны четке какты.

Прокуратуранын бул токтому, эркин сөз сүйлөө жана эркин пикир билдирүү укугуна карата болуп келген чектөөлөр мындан ары кыйла жеңилдей турганынан кабар берүүдө. Эскерте кете турган болсок, “Кечирим сурайм” деп аталып, жаңы жыл башталары менен интернет мейкиндигинде элдин жактыруусуна коюлган петицияда “Мен 1915-жылы Осмон султандыгында жашаган армяндар башынан кечирген оор алааматты танганга жана аны көңүлкош көрсөткөнгө макул боло албайм. Мындай адилетсиздикке кошулбайм. Мен армян боордошторумдун кайгысын сезип тең бөлүшөм. Алардан кечирим сурайм” деп айтылат.

Алгач президент Абдулла Гүл өнөктүк тууралуу өз пикирин мындайча билдирди:

- Түркияда түркүн уюмдар, жеке адамдар өз пикирин эркин айта алат. Ошонун сыңары ал кишилер дагы өздөрүнүн пикирин айтышыптыр; эл ичинде талкууланып жатат.

Ал эми өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган буларды айткан:

- Мен бул өнөктүктү кабыл албайм, колдобойм, ага кошула албайм. Анткени мен кечирим сурагыдай ката иш кылган эмесмин.

Ошондон бери бул өнөктүк тууралуу эл ичинде кызуу талаш тартыштар жаралып, аталган 6 кишидей аны сотко бергендер болду; интернет баракчасында аталган өнөктүккө каршы “Мен кечирим сурабайм” деген кампания башталып, ага кол койгондордун саны 65 миңге жетти.

Армяндар 1915-жылы Осмон доорунда 1 жарым миллион армян тукум курут болуп кырылганын доо кылып келе жатышат. Түркия Биринчи дүйнө согушунун оор шарттарында, армяндарды тылдын артындагы аймактарга көчүрүү өнөктүгүнүн жүрүшүндө 300 миңдей армян дээрлик эпидемия, ачарчылык өңдүү себептерден улам өлгөнүн моюнга алып жатканы менен, ошондогу окуяларды геноцид деп айтууга болбойт дешүүдө.
XS
SM
MD
LG