Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

Ө. Бабанов: Мен бийликте өзүмдү сынайм


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн “Азаттыктын” Таластагы кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып ушинтип билдирди. Бабановдун айтымында анын бул кызматка келишине президенттин сунушу жана ишкердиктеги жетишкендиктери негиз берди. Ал ошондой эле өз тармактарында ийгиликтерди жараткан Марат Султанов, Оксана Малеванная, Данияр Үсөнов өңдүү мамлекеттик ишмерлер менен бирге элге пайда келтиргидей ийгиликтерди жаратарына ишеним артты. СДПнын мурдагы лидерлеринин бири Өмүрбек Бабанов 26-январда биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды. Жаңы өкмөт мүчөсү Таласка облустук мамлекеттик администрациянын жыл жыйынтыгын чыгаруу максатын көздөгөн коллегиясына катышуу үчүн барган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG