Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Ош шаар мэрине Мелис Мырзакматов шайланды


Экинчи талапкер президенттик администрациянын өкүлү Уран Ботобеков өз талапкердигин алып койду. Добуш берүүгө шаардык кеңештин 30 депутатынын 28и катышып, бир добуштан Мырзакматовду колдошту. Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Мелис Мырзакматовду президент 26- январда Ош шаар мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Ал эми Уран Ботобеков кошумча талапкер катары көрсөтүлгөн. “Азаттыктын” Оштогу кабарчысынын маалыматына караганда шаар мэрин шайлоого президенттик администрация башчысы Данияр Үсөнов катышты. Шайлоо комиссиясын БШК төрагасы Дамир Лисовский жетектеди. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG