Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Эки кинотеатр сатыкка коюлду


Бишкекте жайгашкан “Чатыр-Көл” жана “Кызыл-Кыргызстан” кинотеатрларын сатуу максатында коммерциялык сынак жарыяланды. Бул туурасында Мамлекеттик мүлк комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда “Чатыр-Көлдүн” баасы 50 млн. 10 миң сом деп бааланууда. Ал эми “Кызыл-Кыргызстандын” баштапкы баасы 13 миллион сомго чукул. Сатып алуу үчүн сынакка катышуу арыздары 2-мартка чейин кабыл алынат. Сынактын шарттарына ылайык инвестор кинотеатрлардын иштөө багыттарын сактап, аны өнүктүрүүгө инвесторлорду тартышы зарыл. Ошондой эле кинотеатрды реконструкциялап, кошумча жумуш орундарын түзүшү керек. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG