Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Тарых музейиндеги Лениндин эстеликтери сыртка алынып чыгышы мүмкүн


“Мамлекеттик тарых музейин капиталдык ремонттон өткөрүү жана жаңы экспозиция түзүү боюнча” өкмөттүн токтомуна ылайык музейдеги жезден жасалган Лениндин барельефтери сыртка чыгарылышы мүмкүн. Бул туурасында музейдин деректири Жеңишбек Чынаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, музейдин ичиндеги Лениндин айкелдери Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы Лениндин чоң эстелигинин айланасына коюлушу ыктымал. “Биз муну сунуш катары айтканбыз. Бирок бул толук чечиле элек. Бул дагы тарых. Бирок, Кыргызстандын тарыхы биринчи планда турат. Чындыгында кыргыз элинин, Кыргызстандын тарыхын чагылдырган экспозициябыз жарды”, -дейт Ж.Чынаев. Мамлекеттик тарых музейге 23 жылдан бери капиталдык ремонт жасалган эмес. Учурда кыргыз тарыхын чагылдырган экспозициянын илимий концепциясы жазылып бүткөн. Ал мыкты тарыхчылар, илимпоздор, айкелчилер менен дагы такталат. Айрым депутаттар бул музей эмес эле буюм сактоочу жайга айлынып калды деп сындап келишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG