Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Талас облусунун 2008-жылдагы өнүгүүcү канааттандырарлык деп табылды


Бүгүн Талас шаарында жаңы вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун катышуусунда жыл жыйынтыгы боюнча облустук коллегия болуп өттү. Губернатор Бейшенбек Болотбеков жыл ичинде аймакка 1 миллиард 446 миллион сом инвестиция тартылып, 10 ишкана ачылганын, Суусамыр-Талас-Тараз жолунун маанилүү бөлүгү ишке киргизилип, бир катар мектептердин, облустук музыкалык драма театрынын курулушу башталганын айтты.
Вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов аймакка тартылган инвестициялар биринчи кезекте чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө тартылып, натыйжалуу жумшалышы керек деп билдирди. Бабановдун айтымында, аймакта катталган 666 ишкананын жарымынан көбү иштебей жатат, дагы алтымыш төртү жоюлуу алдында.
Область электр энергиясы үчүн 242 миллион сом карыз. «Түндүкэлектронун» аймактык филиалынын ишинде бир катар кемчиликтер орун алууда. 16 пайыз электр энергиясы уурдалып, жалпы жоготуулар 31 пайызды түзүүдө.
Ишканалар жакшы иштебей, былтыр 3, 5 миллион сом салык жыйналбай калган. «Коңшу өлкөлөрдөгү экономикалык кризисти эске алып, белибизди бекем бууп, жаңы ишканаларды курууга жана экономиканы көтөрүүгө киришишибиз керек», - деп сөзүн жыйынтыктады Өмүрбек Бабанов. (JT)

XS
SM
MD
LG