Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

БЭК: “Президенттин кайрылуусу - үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык бийликти сактоо жандалбасасы”


“Бириккен элдик кыймылдын” саясий бюросу К. Бакиевдин 27-январдагы Кыргызстан элине болгон кайрылуусу боюнча атайын билдирүү таратып, президенттин кайрылуусун “үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык бийликти сактап калуу үчүн гана жасалган жандалбаса катары” сындап чыкты. Билдирүүнүн текстин сунуш кылабыз.

"Президент Бакиев К. башка планетадан жаңы келип, чочуган адамдай жасаган кайрылуусунда:
«Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгы болуп:
-Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү,
- Экономикалык өз алдынчалык,
- Улуттук интелекти туруктуу өнүктүрүү,
- Күчтүү жана билимдүү улут деп баса белгиледи».
Ал эми өзү үй-бүлөсү менен жана үй-бүлөлүк Ак Жол парламенти, ал түзгөн Өкмөтү менен улуттун сыймыгы, атактуу Каркыраны, көл жээгиндеги төрт пансионатты Казакстанга өткөрүп берип, аймактык кол тийгизсиздикти бузуп, улутка чыккынчылык жасаганын эмне десе болот?
-Улуттук экомиканын өзөгүн түзгөн энергетика тармагын, кең байлыктарды, жана башка стратегиялык объектилерди чет өлкөлүк компанияларга сатып, кайсы экономикалык өз алдынчалыкты, көз карандысыздыкты айтат.
- Мектептер жылытылбай жарыктын жоктугунан окуучулар айлап билим албаса, жогорку окуу жайларын бүткөндөр жумушу жок базарларда, же чет өлкөлөрдө көчө шыпырып жүрүшсө, улуттун сыймыгы болгон жазуучу, илимпоз-окумуштуулар, маданият искусство өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан кам көрүлбөй, коргоого алынбаса, унутулса кайсы улуттук интеллект жөнүндө сөз кылды.
- Негизинен куч-кубаттуу , жаш билимдүү кыргыздар турмуш- тиричиликтин айынан жумуш издеп чет өлкөлөрдө тентип, ар кандай кемсинтүүгө чыдап, кыздарыбыз денесин сатып «оокат» кылып жүрүшкөнүн Бакиев К. билбейби?
- Улуттун кызыкчылыгын Бакиев Максим, И. Чудинов, О. Малеванная, Ширшовдор окшогондор чечип жатса, же Бакиев.К. өзү башкарам деген, башка улуттардын өкүлдөрүнөн, же чет өлкөлүк политолог-аналитиктерден түзүлгөн президенттин катчылыгы, стратегиялык изилдөө институту улуттун тагдырына кызыктарбы, буга ким ишенет?
- Президент «ар түрдүү интелектуалдык ресурстардын ой пикирлерин угамын дегени менен» 2005 жылдын 24-мартынан кийин Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр биригип конституциялык реформаны тезинен жүргүзүүнү Президентке сунуш кылышып, аргасы кеткенде Ала-Тоо аянтына чыгып (2006 ж. ноябрь) компромисттик Конституцияны кабыл алдырууга жетишкенин, бирок бир айда бет тырмоочулук менен ондотконун, саясий күчтөрдүн кайра басымы менен дагы жумуш тобу түзүлүп (Атамбаев А. башчылыгында) бирок Констициялык Соттун жардамы менен азыркы жеке бийлигин камтыган легитимсиз Конституцияны жана "Ак Жол" парламентин түзүп алган Бакиевдин ар түрдүү саясий күчтөр менен иштешерине ким ишенет?
- Муну айткандан көрө Президент Бакиев К. саясий партиялардын лидерлери И.Исаков, Э Булекбаев, О. Текебаев, Э.Каптагаев, саясатчылар А.Жекшенкулов, И. Кадырбековдордун үстүнөн саясий мотив менен козголгон кылмыш иштерди токтотсо болмок…

Элди бир, а мүмкүн бир нече жолу алдоо мүмкүн, ал эми ар дайым алдоо мүмкүн эмес. Биздин алданууга укугубуз жок.
Бүгүн эл президентке ишенбейт.”

XS
SM
MD
LG