Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Н. Нышанов: Президентти кызматынан кетирүүгө 150 миң кол топтолду


Назарбек Нышановдун билдиргенине караганда былтыр август айынан бери каттоодо турбаган Кыргызстан патриоттук партиясы менен Коррупциялык системага каршы күрөшүү элдик патриоттук революциялык кыймылдын демилгечилери президент Курманбек Бакиевге импичмент жарыялоону каалаган 150 миң жарандын колун чогултту. "Апрелге чейин кол топтоо толук чогултулуп бүтөт " деди “Азаттыкка” Нышанов. Мындай демилгени аталган партия лидери азыркы бийлик Конституциялык жол менен келген эмес, стратегиялык обьектилерди сатып атат, коррупцияга, трайбализмге жол берип атат, сөз эркиндигин, адам укуктарын кысып атат деп негиздөөдө.
Белгилеп койчу жагы: Конституцияда көрсөтүлгөн эреже боюнча президентке импичмент жарыялоо демилгеси парламентке берилип, анын бүтүмүнүн негизинде Конституциялык Сотко жиберилет. Конституциялык Сот бул чечимди колдобогон шартта президент парламентти таратууга акылуу. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG