Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Ноокат окуясын К.Бакиев жеке өзү көзөмөл кылсын


Мындай талапты Ноокатта башаламан уюштурду деп айыпталгандардын жактоочулары жана туугандары маалымат жыйында билдиришкен. “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Жанарбек Акаевдин айтымында, соттолгондордун туугандары бул окуяны кайрадан иликтөө максатында өкмөттүк деңгээлдеги комиссия түзүлсүн деп талап коюп жатышат. Ушул тапта айыпталгандардын жакын туугандары Жогорку сотко кайрылып, анын чечимин күтүшүүдө. Эгер жогорку соттон да терс жооп болсо алар Бишкекке, ак үй алдына аттанышаарын билдиришти. Өткөн жылы 1-октябрь Орозо айт күнү Ноокатта акимчиликтин алдында массалык топополоң уюштурду, мекемеге зыян алып келди деп 32 адам айыпталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG