Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Кыргыз-тажик чегарачылары кызматташуу жолун издешүүдө


Буга байланышкан эки тараптуу жолугушуу бүгүн Баткен шаарында өттү. Жолугушуунун кыргыз тарабын жетектеген Төрт-Гүл чегара бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратовдун «Азаттыкка» билдиришинче, акыркы мезгилде кыргыз-тажик чегарасында болуп жаткан чыр чатактар эки тараптуу кызматташуунун жаңыча жолун талап кылууда. Алардын бири катары эми эки элдин ортосунда жаңжал чыгаары менен аны талкуулоо, себептерин иликтөө жана мындай чыр-чатактарды жою, алдын алуу үчүн зарыл чараларды көрүү максатында эки тараптын чегарачылары дароо атайын биргелешкен жыйынга чогулуп турмай болушту. Ошондой эле бул жолугушууда тажик чегарачылары эки ай илгери Баткен чегарачыларынын бир куту огу менен тажик атуулдары тартып алган куралын кайтарып беришти. (JsA)

XS
SM
MD
LG