Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

Украинанын гривнасы, Орусиянын рублу, Венгриянын флоринти. Кезек эми казактардын тенгесине келди окшойт. Глобалдык экономикалык кризистин айынан Борбордук жана Чыгыш Европада жана Орусияда акыркы бир нече айда улуттук валюталар төрттөн биринен ашыкка арзандады. Азыр эми Казакстанда тенгенин девальвациясы тууралуу айтылууда. Тенгенин нарксызданышы эмнени билдирет?

Мунайдын экспортуна көз каранды өлкөлөрдө мунайдын баасы кескин түшкөндө, экономикалык өсүш жайлап, же такыр токтоп, баалар арзандаган, накта акчасыз жайдак калган банктарга өкмөт миллиарддаган доллардык жардам көрсөткөн, чет элдик карыздарды кайра төлөй албай кыйналган учурлар акыркы кезде кадыресе көрүнүшкө айланды.

Дүйнөлүк финансылык кризис Казакстанга бир топ эле оорчулук алып келди, бирок өлкөнүн борбордук банкы азырга чейин улуттук акча бирдигин – тенгени салыштырмалуу туруктуулукта кармап келди. Тенгени колдоо үчүн Улуттук банк интервенция жасоо менен, былтыр жыл бою бир доллар 120 тенге болгон катнашын кармап турду.

Бирок соңку айларда Украина, Орусия сыяктуу коңшу өлкөлөрдө валюталардын наркы кескин төмөндөгөндөн улам, Казакстандын экспортуна атаандаштыкка туруштук берүү улам кыйындап, казак өкмөтү да улуттук валютаны арзандатат деген божомолго түркү болууда.

Канадалык ЭрБиЭс Капитал компаниясынын аналитиги Пол Бизко биздин радиого кандайдыр бир жол менен экономиканы турукташтыруу зарыл болоорун мындайча билдирди:

- Өкмөт экономикалык кыйроонун алдын алышы керек. Ошондуктан адатта же рецессияга, же валютанын девальвациясына, же экөөсүнө тең жол берүүгө туура келет.

Анын сөзү боюнча, валютаны туруктуу кармайбыз деп жатып, экономиканы такыр сызга отургузгандан көрө, мисалы валютаны нарксыздандырып, каатчылыкты бир аз жеңилдетүүгө мүмкүн болот жана мындай учурда адатта башка жол да жок.

Буга караганда, ушул айдын башында Казакстандын экономика министри Бакыт Султановдун тенге быйыл 10 пайызга чейин арзандашы мүмкүн дегени тегин жерден болбосо керек. Өткөн аптада борбордук банктын жетекчисинин алмашышы да тенгенин алсызданышы тууралуу боолгоону бекемдеди.

Бизконун пикиринде, казак бийликтери Орусияны туурап, улуттук акчаны акырындап арзандатат болуш керек. Бирок анын пикиринде, мындай жылма девальвацияга караганда, тенгени 25-40 пайызга арзандатыш максатка ылайык болмок.

"Арийне, мындай кескин төмөндөө тууралуу бийликтерден бир ооз сөз чыкса, эл арасы чак-чалакей түшөт" деп эскертет канадалык эксперт. Бирок азыртадан эле Казакстанда "доллар дүрбөлөңү" башталганы байкалууда.

Алматыда акча алмаштыруучу жайга бараткан Эдиге Исабаев биздин кабарчыга эл акчасын кантип сактап калуунун айласын издеп калганын баяндады. Ал алдыңкы күнү сыналгыдан парламеттин төмөнкү палатасынын финансы жана бюжет комитетинин төрайымынын маегин уккандан кийин, колундагы тенгесин долларга алмаштырууга шашылганын билдирди:

- Гүлжан Карагусованын кечээки айткандары дүрбөлөң салды. Анткени бюджетти жана финансы тармагын көзөмөлдөгөн адам бизге валюта тууралуу эч нерсе айта алган жок. Биз өкмөт өкүлдөрүнөн көп суроолорго түшүндүрмө алгыбыз келет.

Тенгенин девальвациясы чет элдик валютада карыз алган банктар менен ишканалардын да баш оорусу болуп калмакчы. Анткени тенге арзандаса, ал карыздардын үстөк пайызы кымбаттайт. Быйыл Казакстанда чет элдик карыздардын жалпы суммасы 11 миллиард долларга жетет деп болжолдонууда.

Виталий Томский Казакстандын Валюта биржасынын аналитиги:

- Кайсы өлкөдө болбосун, улуттук валютаны алмаштыруу курсундагы олуттуу өзгөрүү чет элдик валютада карызы бар компаниялардын акча алмашуу курсуна байланышкан тобокелин күчөтөт. Казакстандын базарында мындай тобокел негизинен акыркы жылдары Батыштан насыяны көп алган коммерциялык банктарга тийешелүү. Ал эми тобокелдин өсүшү мындай компаниялардын акциялары менен соодада келечек инвесторлорду качыраары турулуу.

Мындан тышкары, өкмөт жылма девальвация ыкмасын тандап алган күндө да, валюта менен кызыл кулактык күчөсө, бул жараян көзөмөлдөн чыгып кетиши ажеп эмес. Кандай болгон күндө да Бизконун көз карашында, казак бийликтери бара-бара тизгинди бош коюп, кээде гана накталай акчаны айлантууга киргизүү жолу менен, кийлигишип турушу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG