Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

К.Бакиев Россиянын вице-премьер-министри И.Сечинди кабыл алды


28-январда кечинде өкмөт үйүндө болгон кыргыз президенти менен жолугушууга Россиянын энергетика миинстри Сергей Шматко жана премьер-министр Игорь Чудинов да катышты. Жолугушууда Россия тараптан Кыргызстанга 150 миллион доллар грант жана 300 миллион доллар жеңилдетилген насыя берүү маселеси талкууланды. Орус тарап “Дастандын” 48% акциясына Кыргызстандын 180 миллион доллар карызын кечүүгө макулдугун берген. Андан сырткары тараптар Камбар-Ата ГЭСин куруу үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя жөнүндө сүйлөшүп, аны өкмөттүн кепилдиги менен албай, курулушка тең үлүш менен катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG