Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Кубанын лидери Раул Кастро Москвада


Кубанын лидери Раул Кастро
Кубанын лидери Раул Кастро

28-январда Кубанын жетекчиси Раул Кастро иш сапары менен Москвага келди. Бул анын 1985-жылдан бери Орусияга алгачкы сапары. Кастро 28-январдан 4-февралга чейин Орусияда болот. Кубанын лидери иш сапарынын маалында Орусия жетекчилиги менен жолугушуп, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол коюшары күтүлүүдө.

«Жашасын коммунизм! Мекен, же өлүм! Биз жеңебиз!» - деген Фиделдин чакырыгы советик адамдын эсинде жатталып калган.

Ошол мамлекеттин өкмөтүнүн жетекчиси Раул Кастро сегиз күндүк иш сапары менен Москвага келди. Ал 2006-жылы бийликтен ден соолугуна байланыштуу кеткен 82 жаштагы Фидел Кастронун жарым кылым Кубаны башкарган жол башчынын иниси. Кыстара кетчү сөз, Фидел бийликте турган жылдар ичинде Кошмо Штаттарында 10 президенттин кызмат алмашуусу болгон.

Былтыр ноябрь айында Венесуэладан келатып Кубага конуп, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев аны конокко чакырган эле. Бул көрүнүштү серепчилер Москванын ал аймакка карата жаңы багыты деп баалашкан.

Чындыгында, Медведев 1991-жылы Советтер Союзу кыйрагандан кийин Куба менен Москванын мурдагы алакасынын сууп калышын кайра жандандыргысы келет. АКШ менен атаандашып, «кансыз согуш» жылдары Кремл каратып туруп Гавана бийлигине абадан чабуулду коргонуу (ПВО) системасын куруп бербеди беле дешет.

Ошого карабай Москванын ал аймактагы геосаясатты олуттуу өзгөртүп жиберери күмөн санатарын америкалык таанымал серепчи Николай Злобин айтат:

- Дегинкиси, Орусия үчүн бардык латын америкалык өлкөлөр менен болгон алака, биринчи кезекте – саясат эмес эле ишкердик үчүн, соода-сатык үчүн багытталган.

Өткөн аптада өкмөт башчы Путин журналисттер алдында Кубага 20 миллион доллар насыя бөлүнөрүн жарыя кылган.

Орусиялык саясий тебөлдөр Раул Кастронун Москвага келиши таарыхый мааниге ээ дешет. РИА Новостиге серепчи Дмитрий Косырев: «Куба менен болжолдонуп аткан алака Гавананын АКШга көз карандысыз саясат жүргүзгөнү үчүн жана андай саясатты биздин жактырышыбыздан улам болуп атпасын?» - деп суроо коет.

23-январда кол коюлган меморандумга ылайык, орусиялык «Газпромнефть», «Роснефть», «Сургутнефтегаз» жана ТНК-ВР биргелешип кубалык «Куба Петролеум» компаниясына жардам беришмекчи.

Ал эми орусиялык вице-премьер Игорь Сечиндин айтымында, Гавана «согуштук-техникалык кызматташууну» өнүктүрүү үчүн да ынтызар. Бул сөздүн артында болсо Гавана режимине Кремлдин согуштук курал коюу маселеси турат дешет.

Байкоочулардын баамында, Куба канткен менен Кошмо Штаттары менен алакасын курчуп кетишин каалабайт. Бийликке келгенден тарта Раул Кастро өлкөнүн ички турмушуна кыйла өзгөрүштөрдү киргизген.

XS
SM
MD
LG