Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Риелторлор каржылык чалгын кызматына маалымат берип турмай болушту


Буга байланышкан өзгөртүүнү бүгүн парламент “Риелтордук ишмердүүлүк жөнүндөгү” мыйзамга киргизди. Өзгөрүүгө ылайык риелторлор ички эрежелерди иштеп чыгып, тиешелүү маалыматты берип туруу милдеттендирилди. Долбоорду сунуштоо себебин Каржылык чалгын кызматынын башчысы Максатбек Садыров “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракет жөнүндөгү” мыйзамга шайкеш келтирүү максаты менен байланыштырды. Садыровдун билдиргенине караганда тиешелүү тараптар өлчөмү 4,5 млн. сомдон ашкан операциялар тууралуу чалгын кызматына маалымат берип турууга милдеттүү. Бул багытта “чалгын кызматына бир да маалымат түшө элек” деди Садыров. (BuS)

XS
SM
MD
LG