Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Швейцария Кыргызстанда арам акчаны адалдоого каршы долбоорун узартат


Швейцария Кыргызстанда арам акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы долбоорун улантат. Эртең, 30-январда Эл аралык валюта кору Бишкекте бул долбоор жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт. Анда долбоор алкагында буга чейинки аткарылган иш-чаралар жана жакынкы келечектеги максаттар тууралуу маалыматтар берилет. Эл аралык валюта корунун Арам акчаны адалдоого каршы долбоору Швейцариянынын каржылоосунда Кыргызстанда 2007-жылдан бери иштеп келет.

Соңку эки жылда долбоор алкагында Каржылык чалгындоо кызматына техникалык көмөк көрсөтүлүп, бул жаатта мыйзамдык база жакшыртылгандыгы айтылууда. Ошондой эле юстиция, Улуттук жана коммерциялык банктардын кызматкерлерине ар кыл семинарлар өткөрүлгөн. (EK)

XS
SM
MD
LG