Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Бишкекте “Мусулмандардын билим алуу укугу “ аттуу талкуу өттү


Аны “Мутакалим” мусулман аялдарынын прогрессивдүү коомдук бирикмеси уюштурду. Иш-чара хиджаб кийгендиги үчүн мектепте билим алуусу үзгүлтүккө учураган мусулман кыздарынын укуктарына байланыштуу уюштурулду. “Мутакалимдин” билдирүүсүндө соңку мезгилде Чүй жана Жалал-Абад дубандарында диний ишенимине карата кыздарды жектөө күч алып жатат. Бүгүнкү талкууда өлкөдөгү бир катар укук коргоочулар жана диний мекемелерден өкүлдөр бул маселе боюнча өз ойлорун ортого салышты. Атайын чакыруу жөнөтүлгөнү менен Билим берүү министрлигинен тегерек стол үстүндөгү талкууга эч ким келбегени кабарланууда. Анткен менен Акыйкатчы Турсунбек Акун жоолукчан салынгандыгы үчүн мектепте кысымга учурап жаткан мусулман кыздарынын окуясын дыкат иликтөө үчүн атайы комиссия түзүү сунушун көтөрдү. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG