Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

О. Дүйшеев: “Алтын деген кырманда үйүлүп жаткан буудай эмес”


Кумтөр алтын ишканасы
Кумтөр алтын ишканасы

Кыргызстан тоокенчилер биримдигинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык ишкананы бир жактуу айыптоого каршы болууда. Анын жүйөөсүндө, бул ишкана Кыргызстанга көп санда салык төгүп, иш орундарын түзүп кыйла эле пайда берип жатат.

-Кумтөр алтын кен компаниясы 997 миллион 500000 сом салыкты төлөбөй келе жатат. Башка тлөмдөрдү кечиктирбей эле төлөп берип жаткан ишкана бул талаштуу салыкты төлөөдөн баш тартып жатышына сиз кандай карайсыз?

-Эми тоо өнөр жайы - татаал өнөр жай. Ошону түшүнбөгөн, экономикадан алыс адамдардын ар түрлүү интригалары менен эле Кумтөрдө кырдаал улам татаалдашып баратат. Айтып коёлук, Кумтөрду иштетип аткандар абдан жакшы иштетип атат. Өткөн жылга караганда 70% көбүрөөк алтын алышты, ошондой эле көптөгөн капиталдык салымдар кошулду.

Кыргызстанга ошол келишимди эске албаганда дагы 2 миллиардга жакын акча бюджетке түшүп атат. Ал эми эгерде мурунку 2007-жылкы келишимди кол койгондо биз алда канча көп алмак элек. Ошого биз кол койбогондун негизинде жарым миллиарддай сомду жоготуп атабыз. Ал эми тиги активди жоготконубузду айтпай эле коёлук.

Салык маселеси боюнча кеткен каталыктар үчүн жалаң эле Кумтөрдү айыптабашыбыз керек. Бул биздин бийликтегилердин өзүлөрүнүн каталыктары. Маселен-жер салыгын өзгөртүш өкмөттүн гана колунда. Жерди белгилүү бир категорияга өткөзүш үчүн өкмөттүн токтому керек. Андай токтом чыккан эмес.

Бул маселени биз 2005-жылы көтөрүп чыкканбыз, ошондо токтомдо жазылган, 2005-жылда бүт текшерип туруп ушул жерлердин кайсынысы өнөр жай курууга, кайсынысы кандай деп туруп ошол категорияга өткөзүүнү чечиш керек болчу. Алиге чейин андай чечим чыккан эмес. Ал эми ар ким эле өзүнүн оюна келгенин жазап, салыкты ар түрлүү көбөйтүп, доо коюшуп атат. А чынында аны изилдеш абдан татаал нерсе.

-Бирок жылына 10-15 тоннадан ашуун алтын берип аткан бул кенден Кыргызстандын алып аткан үлүшү 15 пайыз эле, ошон үчүн Кумтөрдү улутташтыруу керек деген талаптар бар да, сиз кандай дейсиз?

-Эми кээ бир убактарда бизде түшүнбөй эле онду-солду сүйлөй беришет да. Биз 11 жылдын канчасы Кыргызстанга калды, канчасы Кыргызстанга калган жоктугун эсептеп чыкканбыз. Биздин эсеп боюнча 58% түшкөн киреше Кыргызстанда калды, ал эми 42% чет элдиктерге кетти, жанагы шаймандарды сатып алыш керек, химикаттарды сатып алыш керек. Анан кийин эле ошол кээ бир кишилер ушундай ойлойт да, алтын деген үйүлүп эле жаткан кырмандагы буудайдай эле чөнтөккө эле салып кете бериш керек деп. Алтынды чыгарыш өтө татаал процесс - аны казыш керек.

-Ошол 58 пайыз киреше кантип Кыргызстандын чөнтөгүндө калып атканын биз аз түшүндүрүп берсеңиз?

- Мына эсептесек 11 жылдын ичинде 192 тонна алтын алынган, аны саткандан 2 миллиард 300 миллион доллардан ашыгыраак акча түшкөн. Анын 854,5 миллион доллары Кыргызстанда калды. Мунун ичине айлыктар кетет, налогдор кетет, электр энергетиканын чыгымдарынан башкалары. Ал эми 700 миллионун биз курганда карызга алганбыз да, ошол карыз төлөндү. Анын эгерде үчтөн экиси биздин эсепте болгондо бул дагы 500 миллион доллар. Демек, 1 миллиард 300 миллион доллар Кыргызстандын эсебинде калды. Демек, 58% бизде калгандан кийин бул абдан чоң эле жетишкендик. Бул өкмөттүн каталыгы болбосо, бизге мындан да көбүрөөк пайда бериш керек эле. Ошону негизи 2007-жылы чечкенбиз, эми ошол чечилген нерсени алиге чейин ишке ашырбай эле, өйдө-ылдый кыйкырышып атабыз. Эми айтып коёюн, мына бул улутташтыруу маселеси такыр түшүнүксүз. Бул боюнча мен ушул жумада окуп көрдүм, такыр негизсиз маселе.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG