Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Ооган министри: Биз демократиялык коом куруп жатабыз


Ооганстандын тышкы иштер министри Ранжин Дадфар Спанта жакында Прагада болуп, Европа союзунун президенти болгон Чех жумуриятында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Соңку келишинде ал өз өлкөсүнүн АКШ жана эл аралык коомчулук менен алакасы, Орусиядан курал алуу, талибдер менен кызматташтууга байланышкан Азаттыктын айрым курч суроолорго жооп берди.

Азаттык: - Спанта мырза, сиз Кошмо Штаттарында өкмөттүн алмашышына кандай баа бересиз? Буш сыяктуу эле Обаманын администрациясы да Карзайдын өкмөтүн колдойбу же өзгөрүү болобу?

Спанта: – Ооганстандын иштерине аралашкан өлкөлөрдө биздин өлкөнүн суроо-талаптары тууралуу орток түшүнүк бар. Бул Кошмо Штаттарына да тийешелүү. Ооганстанга үч багытта: коопсуздук, өнүктүрүү жана мамлекетти куруу жаатында жардам керек. АКШнын мурдагы администрациясы да, азыркысы да ушундай эле багытты карманат. Айрым айырмачылык болушу мүмкүн, биз аларды чогуу отуруп талкуулайбыз деп үмүттөнөбүз. Биздин көз карашыбызда, терроризмге каршы күрөш негизинен Ооганстандан сырткары жактарда жүрүшү керек. Ал эми бизге ооган улуттук армиясын бекемдөө, полицияга колдоо көрсөтүү, карапайым оогандардын арасындагы өлүмдүү азайтуу зарыл. Биз жаңы администрация менен ушул маселелерди талкуулоону каалар элек.

Азаттык: - Барак Обама Ооганстан, Пакистан боюнча атайын өкүлчүлүгүнө ардагер дипломат Ричард Холбрукту дайындады. Буга кандай карайсыз?

Спанта: - Эл аралык коомчулук менен талкууларыбызда биз алардын Ооганстанга карата саясатында координация жоктугун белгилеп келебиз. Бир жагынан бул коомчулуктун биз менен, экинчи жагынан эл аралык коомчулуктун өз арасында кеңешип иш алып баруу деген болбой жатат. Атайын өкүлдүн дайындалышы Ооганстан менен эл аралык коомчулуктун ортосундагы мындай ажырымга көпүрө болуп кызмат өтөйт деп абдан үмүттөнөбүз. Ошол эле убакта терроризм бул регионалдык маселе, ошондуктан, терроризмге каршы согушта Пакистан чындап кызматташпаса, биз бул согушта жеңе албайбыз.

Азаттык:
- Ооганстанда көпчүлүк америкалык аскерлердин санын көбөйтүүгө каршы экени маалым. Бул тууралуу эмне айта аласыз?

Спанта: - Эгер эл аралык коомчулук, айрыкча Кошмо Штаттары дагы кошумча аскер жиберсе, биз муну абдан колдойбуз. Бирок биз бул аскерлерди жайгаштыруу маселесин такташыбыз керек. Ооган өкмөтүнүн талабы менен Кошмо Штаттары бул аскерлерди өлкөнүн Пакистан менен чек арасын бойлото, Хелманд сыяктуу террористтик аракеттердин айынан, көзөмөлдөн дээрлик чыгып калган провинцияларда жайгаштырууга макул болгондугун айтып коюшум керек.

Азаттык: - Кийинки сөздөрүнүн биринде президент Карзай Кошмо Штаттары жана анын Батыштагы союздаштары Ооганстанга танк, учак жана башка оор техника бербесе, башка жактарга кайрылууга туура келет деп айтты. Ооганстан Орусиядан согуштук жардам алганы жатабы?

Спанта: - Өзүңөр билгендей, биздин аскер кызматкерлерибиз, айрыкча учкучтарыбыз орус техникасы менен жакшы тааныш. Орустардын кээ бир тикучмалары биздин тоолуу шарттарга айрыкча ылайык. Ошондуктан эгер орустар бизге ушул жаатта жардам берсе, биз да, биздин батыштык шериктерибиз да буга каршы эмес. Ошол эле мезгилде биз азыркы стратегиялык союздаштарыбыздын ордуна башкаларды издеп жатпаганыбызды айтып коюшум керек.

Азаттык: - Президент Карзай жакында мужахед жана талиб заманындагы кеңеш берүүчү Шуре-Хал Ва Акд органын калыбына келтирүүнү эңсеген жихад жол башчылары, кор башылар менен жолукту. Бул орган эң катаң чектөө-мыйзамдардын булагы болуп кызмат өтөгөн эле. Карзайдын мындай жолугушууларынын максаты эмнеде?

Спанта: - Биз азырга чейин жетишкен ийгиликтерибизден алганда, кантип эски күчтөр менен алака түзөбүз? Ооганстандын эли президенттик, парламенттик, жергиликтүү шайлоолорго катышты. Өлкөдө бүгүн пушту, фарсы, өзбек тилдеринде 500дөн ашык басылма чыгат. Ондогон радио-теле бекеттер иштеп жатат. Кыйынчылыктарга карабастан, биздин өлкө демократиялык, плюралисттик коомду куруп жатат. Биз өлкөдө эч кандай демократиялык мыйзамдуулугукка ээ болбогон эски эксперименти кайталагыбыз келбейт.

XS
SM
MD
LG