Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Ташкенде бийликтер көчөлөрдү көркөмдөө иштерин күч алдырууда. Ушуга байланыштуу тартип коргоочулар шаар тургундарынын эшигин кагып, балконго кир жайгандар батирлеринен ажырап калат деп коркутуп жатышат.

Ташкендин акими Абдукахар Туктаев шаарды көркөмдөө пландарын былтыр жыл башында эле жарыялаган, бирок шаар тургундарынын айтымында, аларды жүзөгө ашыруу чараларын милиция кызматкерлери жакында гана башташты. Байкоочулардын пикиринде, бул иш-чаралар жазга белгиленген Ташкендин 2200 жылдыгын майрамдоого карата көрүлүп жатат.

Мына ушул өнөктүккө байланыштуу, 11-январ күнү шаардын Мырза Улугбек чөлкөмүндө көркөмдөө саясаты боюнча жарыялар илинди. Милиция кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, тургундар менен көзмө-көз сүйлөшүп, жаңы эрежелер тууралуу маалымат беришти.

Ички иштер министрлиги даярдаган баракчаларда катаң чаралар каралган. "Өзбекстандын административдик кодексинин тийиштүү беренелеринин негизинде, эреже бузгандарга айып салынат", жана "учурдагы мыйзамдын негизинде катуу чаралар, анын ичинде батирден чыгаруу чарасы колдонулушу мүмкүн" деп айтылат анда.

Ташкендиктердин көбүн бул жарыя кыжаалат кылды.

- Ушундай кеп бар. Мен өзүм Жеңиштин 40 жылдыгы атындагы массивде турам. Үйүбүз Охангарон чоң жолунун боюнда жайгашкан. Кир жайыш үчүн илинген аркандарды үзүп ташташты. Көп кир жайылып турган аркандарды да үзүп салышты, - деп билдирди Ташкендин бир тургуну Азаттыктын өзбек кызматына.

- Ооба, андай сөз бар. Өзүм да ушуга туш келдим. Биздин үйүбүздүн жанынан президент өтүшү керек экен. Участковый келип, 'Тетиги тогузунчу кабатта ким турат? Азыр үйүндөбү? Жайып койгон кирин алсын" дегенин өзүм уктум, - дейт дагы бири.

Ташкенде адатта үй-бүлөлөр көп балалуу келип, бир үйдө көп киши жашайт, ал эми батирлер чакан. Ошондуктан, кир жайуу маселеси чынында да көп кыйынчылыкты пайда кылат.

- Ар кандай шаар адамдар үчүн болуш керек, бирок биздин өкмөт адамдар шаар үчүн болуш керек деп эсептейт. Эми адамдар кирин кайра кургатыш керек, - деп колун жайат Ташкендин дагы бир тургуну.

Балкондо кир жайууга тыюу салуу канчалык мыйзамдуу? Ушул суроо менен Азаттыктын кабарчысы кайрылганда ташкендик адвокат Рухиддин Камилов бул мыйзамга каршы келет деп билдирди:

- Бул Конституцияга каршы. Ошого карабастан, буйрук чыгарып жатышат. Мүлк укугун ким жокко чыгара алат? Бир гана мүлк ээси же сот жокко чыгара алат. Балконго кир жайган үчүн эч ким бирөөнүн батирин тартып ала албайт.

Евразия Инсайт порталы менен маегинде Швецарияда жашаган өзбекстандык саясий качкын Алишер Таксанов бийликтер майда-барат иштерге акча короткондон көрө, күч органдарындагы коррупция, баңги аткезгилиги, арам акчаны адалдоо аракеттери менен күрөшсө болмок деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG