Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Германиядагы элчи М. Бакиев Алай районуна гуманитардык жардам тапшырды


Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу элчиси Бакиев Маратбек 29-январда Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясына гуманитардык жардам тапшырды. Өткөн жылы аталган райондогу Нура айылы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен. Ошондуктан Кыргыз элчилиги Германиядагы «Товарищ» кайрымдуулук фонду менен биргеликте бул жакка арнап гуманитардык жардам чогулткан экен. Гуманитардык жардам Алай районунун Гүлчө айылына жеткирилди. Элчилик тапшырган гуманитардык жардам 222 592 евро баасында, башкача айтканда 11 494 650 сомду түзөт. Атайын жардам медициналык, балдар жана окуу мекемелерине арналган. Анын ичинде ооруканалар үчүн жаңы медициналык шаймандар, чондор жана балдар үчүн жылуу кийим кечектер, жылуу одеялдар, компьютердик -техникалык материалдар, медициналык, хирургиялык шаймандар жана майыптардын коляскалары бар. (KCh)

XS
SM
MD
LG