Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Бишкекте адам саткан делип шектелип эки адам кармалды


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, 27-январда Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө жана Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары Озолбаев А. 1974 жылы туулган, Бишкектин тургуну,-Осмонкул у.Т. 1990 ж.т., Ысык-ата районунун тургуну,Онолбаева А. 1975 ж.т. Бишкек,-Идрисов С. 1991 ж.т., .Алга айылы, Ысыл-Ата району, Жер-Казар айылынын тургундары:-Токтуева Н. 1985 ж.т., Чынтемир у.А. 1985 ж.т., Сагындыкова Н. 1985 ж.т., Айдаралиев А. 1986 ж.т., Сакешова Г. 1985 ж.т., Торокулова Э. 1987 ж.т., Осмоналиева З. 1989 ж.т., Кычанова А. 1986 ж.т., Курманбек у.А. 1990 ж.т., Асылбек у.А. 1990 ж.т. арыз менен кайрылышкан. Аларды 2008-жылы март-октябрь айында анча тааныш эмес Бишкектин тургуну Казакстанга жумушка орноштурам деп алып барып, чек арадан бейтааныш адамга сатып жиберген. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин иликтөөсүнүн жыйынтыгында бул ишке шектүү делип Бишкекте жашаган түпкү теги кытайлык кыргыз К.Кыраан деген адам кармалган. Аны менен кошо баш калаанын дагы бир тургуну кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Аларга “Адам уурдап сатуу” боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголду дейт Б.Сеитов. Анын айтымында, бул иш боюнча жалпы жонунан 43 адам кайрылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG