Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

30-январда жарык көргөн гезиттер Ак үйдөгү кадрдык жаңылануулар, А. Акаевдин кайрадан акыл үйрөтө баштаганы, К. Бакиевдин калкка кайрылуусу, оппозиция менен бийлик, экономика жана эл турмушу жөнүндө жазып чыгышты.

Акыркы кезде элди кайрадан бийлик менен оппозиция ортосуна талашка сала башташты. Оппозиция тараптагылар эл азыркы бийликке ишенбей калганын айтып жер сабап жатышат, алардын оппоненттери болсо тескерисинче, элдин оппозицияны көрөйүн деген көзү жок деп ырасташууда. Деги эл деген эмне? Эмне үчүн жаатташкан элита такай элдин атына жамынганды жакшы көрөт? Деги эле элита элге кызмат кылабы же эл элитага кызмат кылабы? Мына ушул боюнча белгилүү журналист Эсенбай Нурушев “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Кыяз Молдокасымовдун суроолоруна жооп берген. Аны бүгүнкү сандан окусаңыздар болот.

Гезит ошондой эле “Ысырапкорчулук каада-салтка тиешеси жок” деген тема алдында талкуусун улантууда.

“Кыргыз руху” гезити Болот Шерниязов менен Өмүрбек Текебаевдин оппозициядагылардын арасынан колу таза, мекенчил, позициялары туруктуу деп жазып чыкты. Текебаевди “матрешка операциясы” боюнча Варшава камай калып, жалган болгон соң бошоп чыкканын, эми азыр болсо аны канчалык жаманатты кылса дагы эл да, жеке адамдар да ишенбей турганын, алтургай эл оозуна алынып келаткан журналист Эрнис Кыязов аны булгай коем деп кашыктап жыйнаган абийрин чөмүчтөп төгүп алганын мисалга тартты.

Гезит мындан тышкары Жогорку Кеңештин өткөн жылдагы короткон чыгымы – 355 млн. 600 миң сом деп каралып, иш жүзүндө 6,5 млн.сом ашыкча сарптаганын, Ак үйдө Үсөн Сыдыковдун ордуна- Мадумаров-Үсөнов экилтиги, Садыркуловдун ордуна- Малеваная-Бабанов экилтиги пайда болгонун, эми бул “төртиликтин” мамилеси кандай болорун алдыдагы айлар көрсөтөрүн кеп кылды.

Ачык саясат” гезити “Жыл башынан бери келаткан “жылдырмай саясат” токтобой калганын белгилеп, жакын арада Бакиевдин бир тууган иниси, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Марат Бакиев Маскөөдөгү элчи Раимкул Аттокуровдун ордуна, Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев каржы полициясынын башчысы Акимжан Мийбуллаевдин ордуна, Болжурованын бош турган үстөлүнө Улуттук университеттин экс-ректору Ырысбек Өмүканов олтурганы калды окшойт, дагы бир каңшаарга караганда А. Мадумаров Бишкек шаар мэрлигине келип, анын ордуна Мурат Суталинов олтурат экен дейт деген имиштерди таратты.

Ушул эле санга президент К. Бакиевдин калкка кайрылуусу орус тилинде басылып чыкты. Кайрылууга улай сиздер “Акипреss” маалымат агенттигинин окурмандарынын интернет-сайт аркылуу айткан ой-пикирлерин, саясатчы Темир Сариевдин “Президентке бир күндө 2,7 млн. сом сарпталат” деген, Өмүрбек Текебаевдин президенттин кайрылуусун өздөрүнүн амбициясын көрсөткүсү келген саясый технологдор жазып бергенин баяндаган макалаларын, медицина илиминин доктору Ташполот Балтабаевдин “Унутулган убада, алданган эл, коркунучтуу келечек же президент Бакиевге ачык кат” деген темадагы катын, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин суроо-жообун ж.б. материалдарды окуй аласыздар.

“Бийликке жаңы келген кадрлар өлкөнү экономика сазынан чыгара аларына ишенесизби?, “Түндүк электр”, “Бишкек жылуулук тармактар” жана “ТЭЦ ишканалары” чет элдик инвесторлорго бир пакет менен сатылганы жатты эле. Бирок сатып алуучулар жок деп, тендер өтпөй калды. Чын эле ошондой болдубу же кызыкдар тарап бул объектилердин баасын түшүрүү амалын кылып атабы?” “Агым” гезити мына ушундай суроолор менен кайрылды.

Мирослав Ниязов, коомдук ишмер: - Ишенбейм. Бүгүнкү бийликте олтургандар биздин кандай сазга, кайсыга чейин чөккөнүбүздү түшүнбөй жатышат. Мурдагы СССР курамындагы өлкөлөргө салыштырмалуу абалыбыз эң төмөн. Ошондуктан бүгүнкү бийликке баргандар – элдин, жердин кызыкчылыгын эмес, президенттин кызыкчылыгын коргой турган адамдар, аларга элдин кызыкчылыгын коргоого мүмкүндүк беришпейт. Азыркы бийлик Акаев сата албай калгандары шашып сатып жибергиси келүүдө. Бул кыргыз элине эч качан жакшылык алып келбейт..

Жамин Акималиев, академик: -Жаштардын келгени жакшы, ишенүүгө аракеттенем, айыл чарба тили менен айтканда которуштуруп айдоо болуп жатат. Менимче, кызыл кулактар бул объектилердин баасын түшүргүсү келип атат. Кыскасы бекер алгысы келүүдө. Бул чатак маселе. Бир кезде кант заводун сатпагыла деп какшаганыбызды эч ким уккан эмес, сатылса эле эл кумшекер менен камсыз болуп жыргайт дешкен. Азыр кант чыгармак тургай кант чарбасы толугу менен кыйрады. Энергообъектилер сатылып кеткенден кийин эмне болот? Бир Кудай өзү гана билет.

Ал эми саясат иликтөөчү Марс Сариев алдыдагы айларга сереп салып:”Кымбатчылык жазында жетчү жерине жетет. Бизге караганда жакшы жашаган Прибалтика эли да көчөгө чыгып атпайбы, алардын таасири бизге да тиет. Эл чыкса, оппозиция желегин көтөрүп алдыга тура калат. Элдин болсо ага кошулгандан башка айласы калбайт. Анткени ал ээрчий турган башка күч жок” деп айтты.

Президент тууралуу мүнөздөмө берген саясат иликтөөчү: ”Бакиев болсо өлкө ичинде өзү башкара ала турган кризис кылып, системаны өзү уратып, жаңысын түзгүсү келип атат. Оппозиция ичинде бөлүнүп-жарылуу болот, анткени алардын талаптары аткарыла баштайт. Орусия оппозиция аркылуу Бакиевге кысым көрсөтүп, өзүнө пайдалуу нерселерге жетишкиси же Бакиевди күчтөндүрүп, ал аркылуу оппозицияга таасир көрсөткүсү келет. Камбар - Атага каражат келбесе оппозиция Маскөө Бакиевди колдогон жок деп чыгат. Ошон үчүн Бакиев элге таянып туруп, чындап эле системаны жаңылоосу керек. Антпесе азыркы саясат туңгуюкка кептелет” деп баяндады.

Гезитте ошону менен бирге эле кыргыз элине кайрадан акыл үйрөтө баштаган экс-президент А. Акаев тууралуу кепти жаңы баштаган айтылуу баяндамачы Алым Токтомушевдин уландысы бар макаласы жарыяланууда.

“Бишкек репортер” гезити “Кыймылсыз мүлккө канча төлөш керек?”, “Чүй проспектин арендага алгым келет”, “Патентчилер башка төлөгөнгө даяр эмес”, “Путин заманындагы орус элитасы” деген макалаларды окурмандарга сунуш кылды.
XS
SM
MD
LG