Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Н.Мотуев оппозицияны жалган жерден каралоого өттү


Бул тууралуу БЭКтин штабынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка караганда, “Жоомарт” кыймылынын лидери Нурлан Мотуев БЭКке мүчө болуп кирүү өтүнүчү менен төрт-беш жолу кайрылган. Бирок БЭКтин саясий кеңеши Мотуевдин аталган кыймылга мүчө болуп киришине каршы болгон. БЭКтин штабынан билдиришкендей, Мотуев БЭКке жеке таарынычынын негизинде оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Аликбек Жекшенкуловду жалган жерден каралоого өтүп, коомчулукка жаманатты кылып көрсөтүүгө өткөн. Оппозиция "анын айткандары негизсиз, эч бир чындыкка коошпогон жалган жалаа", деп билдирди. Нурлан Мотуев 29-январда маалымат жыйынында Текебаев менен Жекшенкулов курал менен бири-бирин бутка атып, анан аны бийлик жасады деп чагым салганы жатат деп жар салган. БЭКтин штабы муну бийлик оппозицияны каралоо үчүн Нурлан Мотуевди "курал" катары пайдаланып ыпылас ыкмага өттү деп эсептейт. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG