Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Коопсуздук Кеңеши диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү чараларын белгиледи


Бүгүн Өкмөт үйүндө Коопсуздук Кеңешинин аппараттык жыйыны диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн учурдагы абалын талкуулады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы М. Суталинов, ички иштер министри М. Конгантиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К. Осмоналиев баяндама жасашты. Натыйжада диний экстремизмге каршы күрөштүү күчөтүү чаралары белгиленди. Орчундуу көңүлдү диний экстремизмдин алдын алуу чараларын көрүүгө буруу жөнүндө айтылды. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров 2008-жылы 11-декабрда Президент тарабынан күч органдарынын алдына коюлган милдетти аткаруу негизги маселе экендигин баса белгиледи. Тактап айтканда, коомдо экстремизм, расалык жана диний касташуунун ар кандай көрүнүштөрүн четке сүрүүгө жетишүү керек. Бул үчүн мамлекеттик органдар диний уюмдар менен тыгыз байланышта иштөөгө тийиш. (KCh)

XS
SM
MD
LG