Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Баткенде эки окуучусу түнкү кече кесепетинен каза тапты


Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы бүгүн «Азаттыкка» билдирди. 28-январда Баткен облустук гимназия мектебинде бүтүрүүчү класстын окуучусу курдаштары менен кечеде болуп, түнү ууланып ооруканада каза тапкан. 29-январда Баткен районунун Көкташ айылында жашаган 10-класстын окуучусу теңтуштары менен болгон чатактан жан таслим болгон. Бул окуяларды жергиликтүү эле узак каникулдун айынан, деп жоромолдоп жатышат. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитов, мектеп окуучуларынын өлүмүн кышкы каникулдун мөөнөтүнүн узартылышы менен байланыштырууга болбой турганын, ал жөн гана кокустук экенин билдирди. Баткенде электр жарыгы менен жылытылган мектептер эрте жазга чейин каникулга чыгышкан болчу. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG