Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

СДП фракциясы өкмөттүн экономикалык өнүгүү стратегиясын сынга алды


Аталган фракциядан депутат Роза Отунбаева дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер экономикалык кризистен кантип чыгуунун жолдорун издеп, кый-сыпыр түшүп жатышса кыргыз өкмөтү бул маселеге олуттуу көңүл бурбай, алдыдагы экономикалык өнүгүүгө ашыгып жатканына таң калганын жашырган жок. Ал ошондой эле экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров фракциянын талкуусуна койгон “Өлкөнүн 2009-2011-жылдардагы өнүгүүсү” жөнүндөгү стратегиясынын долбоору кагаз жүзүндө жакшы жазылганын, аны коррупциялашкан бийлик системасынын ишке ашыруусуна күмөн экендигин билдирди. Депутат Мурат Жураев парламенттин мурдагы чакырылышында кабыл алынган 2006-2010-жылга өлкөнү өнүктүрүү программасы ишке ашпай калгандыгын эскертип, мындай ири программалардын аткарылбай калышына эч ким жоопкерчилик албастыгын кошумчалады. Фракциянын лидери Бакыт Бешимов ички дүң продукция 2011-жылга карата 8 млрд. 2 млн. доллар өлчөмүндөгү көрсөтүлгөн каражатты өкмөт кайдан табарына кызыгып, энергетикалык кризисти чечпей жатып мынча каражаттын табылышы чындыкка коошпогонун айтты. Акылбек Жапаров болсо ички мүмкүнчүлүктөргө жана тыштан келүүчү инвестицияларга таянып “Өлкөнүн 2009-2011-жылдардагы өнүгүүсү” жөнүндөгү стратегияны ишке ашырууга болорун белгиледи. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG