Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Бишкекте хиджаб кийгендиги үчүн мектепке барбай калган мусулман кыздардын укуктарын талкуулаган тегерек үстөл болду. Адистер ушунун айынан билим алуу укугунан ажыраган кыздардын көбөйгөнүн айтышууда. Акыйкатчы бул маселени дыкат изилдеп чыгуу максатында республикалык комиссия түзүүнү сунуш кылды.

Каракол шаарынын тургуну Асылбек кызы Бегимай учурда 8-класста окушу керек болчу. Бирок ал эки чейректен бери мектепке кирбей калган. Бегимайдын мектепке барбай калуусуна анын хиджаб кийгени себеп болгон. Бегимайдын жеңеси Гүлнура Элеманованын айтымында, мектептин деректири ага уруксат бербей, гимназиянын формасына туура келбейт деп макулдугун берген эмес:

- Менин кайын сиңдим учурда Караколдогу № 4 гимназияда окуш керек эле. Ал сентябрда хиджаб кийип барганда мектептин деректири формага туура келбейт деп киргизбей койду. Ата-энебиз менен барсак ал бизди уккусу да келбей, ал тургай бөлмөсүнө да киргизген жок. Андан кийин биз Каракол шаардык башкармалыкка барганыбызда да арызыбызды карабай, мындай маселелелер каралбайт башты оорутпай жоолукту чечип мектепке барсын деп койду. Арызыбызды да алган жок. Азыр эми эки чейрек өттү мектепке барбай калды.

Ушундай эле учур Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда да кездешкенин облустун мусулмандар казыятынын биринчи орун басары Улан Багышов айтып өттү:

- Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятына ушул багытта көп арыздар келип түшөт. Мисалы, Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндө бир кызды сен башка кыздардын арасында башкача жүрөсүңбү деп бааларын төмөндөтүп, мектепке киргизбейт экен. Андан сырткары, Ала-Букада да ушундай көрүнүштөр бар.

Мындай көрүнүштөрдү “Мутакалим” мусулман аялдарынын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронбек кызы адам укугунун бузулушу деп баалайт. Анын айтымында, бул маселе мурда окуу жайларда болуп, чечилгенин, эми мектептерде көп кезигип жатканын айтат.

- Жоолук салынган мода эмес. Бул дин боюнча фарз болгондондуктан мусулман аялдары салынып атат. Анын үстүнө бизде дин тутуу эркиндиги бар. Андыктан биздин кандай кийинип, кандай жүрсө да укугу бузулбаш керек.

Депутат айым Гүлжамал Султаналиева Кыргызстандын саясаты бул маселени кабыл албайт деген ойдо. Ал мындай шартта кандайдыр бир консенсуска баруу зарылдыгын белгилейт.

- Менимче, бул маселе эч качан мындай түрдө чечилбейт. Биздин Конституцияда светский өлкө деп белгиленгенден кийин кыздар хиджап салып мектепке кирсин деген чечимди кабыл албайт. Мен өзүм парламентарий катары саясат мындай нерсеге барбайт деп айтам. Кандайдыр бир консенсуска барышыбыз керек.

Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо азыркы шартта хиджаб салынуу маселеси чыкпаш керек эле дейт. Ал бул маселени дыкат изилдеп чыгуу максатында республикалык комиссия түзүү сунушун айтты.

- Кеп өлкөдөдөгү денесин сатып, эне-апаларды уят кылган кыз-келиндер туурасында болушу керек эле. Мыйзамда да буга тыюу салынган эмес. Мисалы адам укуктары декларациясынын 5-беренесинде дин тутуу эркиндиги камсыз кылынат деп көрсөтүлөт. Мен Акыйкатчынын алдындабы же акыйкатчы катышып дейсиңерби, республикалык комиссия түзүү сунушун айтам.

“Мутакалим” бирикмеси тегерек үстөлдүн жыйынтыгында резолюция кабыл алып, бул маселенин аягына чыгабыз деп жатышат. Деген менен талдоочулар арасында өлкөдө мусулман аялдардын укугу тепселген жок, жоолук салынуу маселеси ашкере саясатташып кетти дегендер да жок эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG