Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Кытай жана Евробиримдик саммит өткөрүүнү макулдашты


Бул тууралуу бүгүн Брюсселде кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябао менен жолуккан соң Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануел Барросо билдирди. Бирок эки тараптын алкаларын талкуулоо максатын көздөгөн саммиттин так убакытысы азырынча жарыяланган жок. Былтыр ноябрдын соңуна белгиленген саммиттен Кытай Евробиримдиктин ошол кездеги төрагасы – Франциянын президенти Николя Саркози Тибеттин сүргүндөгү диний лидери Далай Лама менен жолукканына нааразылык ирээтинде баш тарткан. Бүгүн Брюсселде Кытай менен Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү 60 миллион еврого эсептелген келишимдерге да кол коюшту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG