Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Түрк өкмөт башчысын мекенинде баатыр катары тосуп алышты


Режеп Тайып Эрдоган Давосто өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдан кечээ кечинде Израилдин президентин Шимон Перес менен талашып-тартышкан соң кетип калган эле. Бүгүн таңга маал аны Стамбулдун аэропортунда Түркиянын жана Палестинанын желектерин көтөргөн 5 миңдей адам тосуп алды.

Израилдин президенти Перес Давостогу сөзүндө жөөт армиясынын жакында Газада өткөргөн 23 күндүк операциясынын тууралыгын коргогон болчу.

Эрдогандын айтымында, анын Давос форум таштап кеткенин жүйөөсү – Израилдин президенти менен кайым айтышканы эмес, ага жооп берүү үчүн убакыттын аз берилгени. Стамбулда аны ураан чакырып тосуп алгандар алдында сүйлөгөн сөзүндө болсо Эрдоган "Түркия менен түрк элинин" ар-намысын коргоого милдеттүү экенин белгиледи.

Түркия - мусулман дүйнөсүнөн Израил менен дипломатиялык алакасы бар саналуу өлкөлөрдүн бири. Эрдоган жакында эле Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуучунун да ролун аткарууга аракеттенген, бирок Израилдин Газадагы операциясын кески сынга алган болчу.

Израилдин президенти Перес Давостогу кайым айтыштан эки өлкөнүн алакаларына доо кептесине үмүттөнөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG