Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Э.Каптагаев: “Бийлик Н.Мотуев менен Т.Бакир уулун оппозицияга атайын тукуруп жатат”


“Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев “Азаттыкка” мындай пикирин Мусулмандар биримдиги аттуу кыймылдын теңтөрагалары Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуевдин аракеттерине байланыштуу билдирди. Анын айтымында, аталган саясатчылар бийликтин атайын түзүлгөн планы жана тукуруусу менен негизсиз маалыматтарды таратып, оппозицияны ичинен ыдыратууга аракет кылып жатышат. Андан тышкары Аликбек Женкшенкулов менен Өмүрбек Текебаев калп эле атышмак деген билдирүүнү элдин маанайын билүү үчүн таратты жана бийлик оппозицияга ушундай сценарий менен кысым көрсөтүүгө барарын кыйытты,-дейт Э.Каптагаев. Ал эми Нурлан Мотуев “Азаттыкка” мындай билдирүүгө эч кандай негиз жок, оппозиция өз ара ынтымакка келе албагандан кийин чындыкка чычалап жатат деп билдирди. Анын айтымында, алар бийлик менен ымалага келген жери жок жана ага тартип коргоо органдарынын аңдуу салып, прокуратуранын улам бир эскертүү берип жаткандыгы жакшы далил. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG