Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Иракта бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат


Бул – жергиликтүү кеңештерге 2005-жылдан бери алгачкы ирет өтүп жаткан шайлоо. 14 жарым миңдей талапкердин ичинен 14 провинцияга 440 депутат шайланат. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары келерки аптада айтылаары күтүлүүдө. Ирактагы шайлоодо 15 миллиондой адам добуш бере алат. Бул ирет алар добуш берүүгө активдүү катышып жатканына өлкөнүн премьер-министри Нури Ал-Малики сүйүнгөнүн жашырбады. Төрт жыл мурдагы шайлоого сунни араптары катышуудан баш тартышкан, бул жолу алар активдүү катышып жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG