Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Украин президенти Орусия менен газ келишимин сынга алды


Украинада президент Виктор Ющенко Орусия менен кабыл алынган газ келишимин сындап, бирок баары бир колдой турганын билдирди. Ющенко кечээ сыналгы аркылуу элге кайрылуусунда анын саясий оппоненти, премьер-министр Юлия Тимошенко Орусия менен кол койгон газ келишими Украинага кымбатка тураарын, өлкөдөгү экономикалык абалды андан бетер курчута турганын айткан. Ал, ошондой эле, 2009-жылдын бюджети боюнча мыйзамды сындап, Тимошенконун кабинетине жаңысын сунуш кылууну айтты. Тимошенко болсо президенттин кайрылуусун «жалган менен аралашкан долулук, коркок дүрбөлөң» деп атады.

XS
SM
MD
LG