Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Кадырбековдун соту качан уланары белгисиз


Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун үстүнөн сот иши Ленин райондук соту тарабынан жүргүзүлүп жаткан. Соттук териштирүү учурунда Кочкордогу орто мектепти курууда мамлекетке 18 млн сом зыян келтирген, деген айыптоонун ордуна тескерисинче мамлекет мектепти курган курулуш уюмдарына 5 млн сом карызы бар экендиги аныкталган. Ушул себептен райондук сот бул ишти кайра карап чыгуу боюнча кошумча экспертиза түзүп, ишти кароону экспертизанын жыйынтыгы чыккыча белгисиз мөөнөткө жылдырууну чечкен. Кадырбековдун адвокаты Азимбек Бекназаров сотто аныкталган соң кошумча экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы жок болчу, деп эсептейт. Анын айтымында кошумча экспертиза жараяны аяктап калганы белгилүү болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG