Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Оппозиция мүчөлөрүнө карата тергөө иштери жүрүп жатат


БЭКтин лидерлери болуп эсептелген Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков жана Аликбек Жекшенкуловго каршы козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Саясий куугунтуктан коргоо комитетинен кабарлашты. Өз кезегинде аталган комитет оппозиция лидерлерин бийликтин куугунтугунан коргоо аракетин жүргүзүүдө. Булардын ичине элден кол чогултуу, жер-жерлерде саясий куугунтуктан коргоо комитеттерин түзүү жана башка иш-чаралар кирет.
БЭКтин мүчөсү, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаковго жана “Акыйкат үчүн” коомдук саясий-кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловго каршы Башкы прокуратура тарабынан, ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге курал-жаракка байланыштуу Кара-Буура райондук ИИБ тарабынан кылмыш иши козголгон. (ZKO)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG