Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Бюджеттин ачыктыгы боюнча эл аралык иликтөө жыйынтыгын жарыялайт


Эл аралык бюджет өнөктөштүгүнүн “Бюджет ачыктыгынын индекси-2008” деп аталган иликтөөсүнүн натыйжасы эртең дүйнөнүн 85 өлкөсүндө жарыяланат. Кыргызстандагы бюджеттин ачыктыгын иликтеген Көз карандысыз укук коргоо тобу өз изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен 2-февраль күнү саат 12де “Акипресс” агенттигинде тааныштырмакчы.
“Бджет ачыктыгынын индекси” алгач 2006-жылы Кыргызстандан тышкары 59 өлкөдө иликтөө жүргүзгөн. Бул жолу мамлекеттик бюджеттин ачыктыгын изилдөөгө Орусия, Казакстан, Грузия жана Азербайжан менен катар Кыргызстан да алынган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG