Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Жаштар үчүн жекече гранттар берилет




Бул тууралуу Сорос-Кыргызстан эл аралык корунун кызматкери Улан Шабынов 1-февралда “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин аталган фонд гранттык каражаттарды атайын уюмдарга гана берип келген болсо, эми өзүнчө уюм түзүүгө мүмкүнчүлүгү жок, бирок жаштарды өнүктүрүүгө багытталган мыкты идеясы бар жеке адамдарга эки миң АКШ долларга чейинки гранттарды бере баштайт. Бул конкурска 14төн 29 жашка чейинки баардык жаштар катыша алат. Алгачкы жекече гранттар февраль айынын орто ченинен бериле баштайт. Бул программа дүйнөлүк “Ачык коом” институтунун демилгеси менен жүргүзүлүп, ага жети мамлекет гана кирген. (SA)

XS
SM
MD
LG