Кечээ ирактыктар жергиликтүү кеңештерине депутаттарды тандашкан. Шайлоонун жыйынтыктары эртеңден тарта айтыла баштайт. 2005-жылдан бери жергиликтүү кеңештерге алгачкы ирет өткөрүлгөн шайлоо салыштырмалуу тынч өткөнү кабарланды. Анын үстүнө добуш бергени келген адамдардын да саны, буга чейинкилеринен айырмаланып, көп болду. Бир гана маселе – миңдеген шайлоочулар келип добуш берейин деп, бирок каттоо тизмесинде өздөрүнүн аттарын табышкан эмес.