Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Бүгүн Кыргызстан менен НАТОнун ортосундагы мамиле талкууланат


Бүгүн Кыргызстанга НАТОнун Борбор Азия жана Кавказ боюнча атайын өкүлү Роберт Симмонс иш сапар менен келет. Эки күнгө созула турган сапар учурунда ал өкмөт жетекчилиги, Тышкы иштер, Коргоо, Күтүүсүз кырдаалдар министрликтеринин жана чегара кызматынын жетекчилери менен жолугушуп, НАТО менен Кыргызстандын ортосундагы биргелешкен долбоорлордун алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулашат. Андан тышкары эл аралык жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм менен күрөшүү, күтүүсүз кырдаалга даяр туруу жана чегаралардагы коопсуздукту камсыз кылуу жагдайлары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, НАТОнун Борбор Азиядагы жаңы офицери менен тааныштырат. Роберт Симмонс андан тышкары НАТОнун Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык Академиясындагы депозитардык китепканасынын ачылышына катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берет.(BD)

XS
SM
MD
LG