Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:30

Британ полициясы тибеттик демонстранттарды камакка алды


Лондон полициясы кечээ (жекшембиде) Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябаонун Британ башкалаасына жасап жаткан үч күндүк сапары маалында тибеттик беш демонстрантты камакка алды. Нааразылык чарасын өткөрүп жаткан 200дөй кишинин бул өкүлдөрү премьер Вэн Цзябао Кытайдын Лондондогу элчилигинин имаратына жакындаганда элчиликтин короосуна кирип барууга аракет кылган. Кытай премьери саал мурдараак британ кесиптеши Гордон Браун менен жолугуп, эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG